таң
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. Түн караңгысы тарап, айланага жарык кире баштаган кез, күндүзгү маалдын башталышы. Таң жели ичиркентип бетке согот (Мидин). Таң сүрүп жаңы атканда, Эрик жел ойноп чапканда (Бөкөнбаев).
ТАҢ II зат. Кээ бир айбандардын (мис., бөкөндүн) куйругунун астындагы ак тилкеси.
ТАҢ III: таң калуу — күтүлбөгөн жерден болгон окуяга, түшүнүксүз ар кандай нерсеге таңыркоо, таңдануу. Мен да алардын кабарсыз болушуна таң калам. Табият — кыйын табышмак, Таң калам дайым карасам (Аалы). Адам таң каларлык кыйын иш.
ТАҢ IV этиш. 1. Ороп, чырмап байлоо. Балбандар аттан түшүп даярданды, Бооруна, аркасына тердик таңды (Маликов). Таңылчакты таңгыла.

- 2. Сынган же чыккан жерди ордуна келтирип, бекем ороп байлоо.
- 3. Эркине, оюна койбой атып бир нерсени өткөрүүнүн, же бирөөнү макулдатуунун ж.б. аракетин кылуу, асылып сунуш кыла берүү, таңуулай берүү.