САТАҢ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Сылаңкороз, көйрөң. 2. өт. Бекерчи, кылар иши жок бош басып жүргөн. Басып жүргөн сатаңдын, Куйрукка найза мылгытып («Манас» С. О.). 3. диал. Келишимдүү, келбеттүү, сулуу. Сатаң окшойт, көшүлүп, Эси-дарты тамакта. Оокаттын жайын биле албайт, Акыл айтса, тил албайт (Тоголок Молдо). Эстегенде бир тутат, Ак сатандын кумары (Эл ыры). Ошол дүкөндүн батыш жак колтугундагы короодо Асалхан дей турган сатаң катын турат (Жантөшев).