Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сөзсүз аткарууга тийиш болгон, адамдын мойнундагы иш, жоопкерчилик. Өлкө коргоо улуу милдет биздеги (Бөкөнбаев). Биздин милдет ушул ыйык байлыкты, Муундардан муундарга калтыруу (Ибраев). Кой багуу менин милдетим («Ала-Тоо»). Армандуу болдум неге өлбөй, Үкөйүм, ал милдетиң менде бар (Боогачы). Каржысы келген адамга, Ажыга баруу зор милдет («Калмырза»). 2. Бир нерсеге жетүү үчүн болгон далалат, аракет, алдыга коюлган максат. Биздин милдет – ишти талаптагыдай бүтүрүү.