кой
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. 1. Эт, сүт, жүн берүүчү, үй айбандарына кирүүчү майда жандык. Садыр койчулар менен кой айдашып артта калды (Убукеев).
♦ Кой оозунан чөп албаган — жоош, абдан момун. Кайын энем кой оозунан чөп албаган момун (Жантөшев). Кой көз—жоодураган сургулт кара көз.
КОЙ II этиш. 1. Бир нерсени жайына орнотуу, белгилүү бир орунга айгаштыруу. Столдун үстүнө кой. Эшикке кой.
2. Тыюу, токтотуу маанисинде колдонулуучу сөз. Кой, балам, андай кылба («Ала-Тоо»). Оюнду кой.
♦ Кол коюу — кандайдыр бир документтин, картинанын, белгилүү тексттердин ж. б. алдына фамилиясын өз колу менен жазуу, ырастоо, макулдугун көрсөтүү. Справкага кол койду. Тизмеге кол койду.
- 2. Айбандардын аттары менен берилген он эки жылдын сегизинчи жылынын аты.
♦ Кой оозунан чөп албаган — жоош, абдан момун. Кайын энем кой оозунан чөп албаган момун (Жантөшев). Кой көз—жоодураган сургулт кара көз.
КОЙ II этиш. 1. Бир нерсени жайына орнотуу, белгилүү бир орунга айгаштыруу. Столдун үстүнө кой. Эшикке кой.
2. Тыюу, токтотуу маанисинде колдонулуучу сөз. Кой, балам, андай кылба («Ала-Тоо»). Оюнду кой.
- 3. Уруу, чабуу, муштоо.
- 4. Уруксат кылуу, эрк берүү. Оюнду сага ким коюптур. Ырдаганды ким койду.
- 5. Көрсөтүү; угузуу. Концерт койду.
- 6. Дайындоо, тургузуу. Кызматка кой. Сокурдан сакчы койсоң, элиңди жоого чаптырарсың (макал).
- 7. Көмүү (мис., өлгөн адамды). Егордун сөөгүн.. мүрзөгө койгондо, Ашыр да катышты (Сасыкбаев).
- 8. Киргизүү, кийирүү; талкууга салуу. Маселе койду. Добушка койду. Көпчүлүктүн кароосуна койду.
- 9. Чыгаруу, пайда кылуу. Өрт кой. От кой.
- 10. Көмөкчү этиш катарында капысынан болгондук, күчөтүү ж. б. маанилерди берет. Көрө койду. Биле койду. Келбей койду. Бербей койбойт.
♦ Кол коюу — кандайдыр бир документтин, картинанын, белгилүү тексттердин ж. б. алдына фамилиясын өз колу менен жазуу, ырастоо, макулдугун көрсөтүү. Справкага кол койду. Тизмеге кол койду.