этиш. 1. Турган же келген жеринен башка бир жакка жөнөө, кайтуу. Акбар малчыларга кетти (Убукеев). Балким [Ормуш] чабындыларды көрүүгө кетсе керек (Байтемиров). Күлжан.. контораны көздөй кетип бараткан Яровойду көрдү (Байтемиров).
2. Чыгуу, арылуу, жоголуу, болбой калуу. Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кирин айтса кетет (макал). Карчыгадан кан кетип, Ал Көкдөөдөн ал кетип, Катуу оору болду эми («Эр Төштүк»). Акийманын айласы кетти (Жантөшев). Камка чапанынын кеби кеткен чөнтөгүнө колун салып, ачкычын алды (Сыдыкбеков). Мууну кетип калтырап, Кармаган колу карышты (Жантөшев).
3. Дүйнөдөн кайтуу, көзү өтүү. Ушул бойдон туяксыз кетсе, кайран неме өрт өчкөндөй болбосун (Сыдыкбеков).
4. Болуп өтүү, болуп калуу. Сенден бир балалык иш кетиптир. Ошондо бир билбестик кеткен экен («Ала-Тоо»).
5. Жумшалуу, сарп кылынуу. Бул ишти бүтүрүү үчүн көп күч, көп аракет кетти.
6. Жардамчы этиш катарында колдонулат. Өтүп кет. Жүрүп кет. Отура кетти. Ала кетти.
¨ Келим-кетимк.келим. Мүрткетүүк.мүрт.
КЕТIIкети менен бирдей.