Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1.. Үшүгөндө, корккондо, кубанганда ж. б. токтоно албай титирөө, калчылдоо. Ал кубангандан калтырап да кетти (Аалы). Калтырап коркуп тургандай, Кайратсыз өскөн жан белем (Бөкөнбаев).
2. Сараңдануу, зыкымдануу, дүнүйөгө, оокатка кароо болуу. Жанынан беш тыйын чыкса, калтырай турган сараң киши. Чычканга түк бүткөн сайын калтырайт (макал).