Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Көмөкчү финансылык компаниялар — Резидент болуп саналган, негизинен финансылык ортомчулукка тыгыз байланыштуу иш менен алектенген, бирок өздөрү ортомчу ролунда иш алып барбаган квазифинансылык компаниялар.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык талаптар — Эки тараптын өз ара тиешелүү укуктарын жана милдеттенмелерин аныктайт, алар өз мүнөзүнөжараша финансылык катары каралууга тийиш жана кредиторго карыз алуучудан алардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген жагдайларда төлөмдү (төлөмдөрдү) алуу укугун чегерет.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Дериватив (туунду финансылык инструмент) — Наркы базистик активдин негизинде камтылган активдин баасы аркылуу аныкталган финансылык инструмент, б.а. ал ошол активдин баасынан улам келип чыгат. Фьючерстер, варранттар, опциондор, своптор, форварддар, депозитардык тил каттар туунду инструменттердин мисалы болуп саналат. Туундуу финансылык инструменттер ар кандай максаттарда, анын ичинде тобокелдикти тескөө, хеджирлөө, арбитраждык операцияларды жана алып сатарлыкты жөнгө салууда колдонулат. Туунду финансылык инстурументтер менен операциялар, алар байланыштуу болушу мүмкүн болгон базалык операциялардын наркынын курамдык бөлүгү катары эмес, өз алдынча ишке ашырылган операция катары каралууга тийиш. Бул, туунду финансылык инструментке контрактынын негизин түзгөн жана төлөмдөрдү же түшүүлөрдү эсептөө үчүн зарыл болгон, бирок ошол эле учурда алмашуу предмети болбой калышы мүмкүн болгон сумма туунду финансылык контракттын шарттуу (номиналдык) суммасы болуп саналат.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык милдеттенме — Эки тараптын тең өз ара тиешелүү укуктарын жана милдеттенмелерин аныктайт, алар өз табиятына жараша финансылык катары каралууга тийиш жана карыз алуучудан кредитордун пайдасына, алардын ортосунда түзүлгөн келишимде белгиленген жагдайларда төлөмдүн (төлөөлөрдүн) ишке ашырылышын талап кылат.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык тобокелдик — Контрагенттин сапатына, контрагент өлкөнүн экономикалык абалына жана финансы рынокторундагы өзгөрүүлөргө байланыштуу орун алышы ыктымал болгон жоготуу тобокелдиги. Финансылык тобокелдик кредиттик тобокелдик, рыноктук тобокелдик жана ликвиддүүлүк тобокелдиги болуп бөлүнөт.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Финансылык туруктуулук көрсөткүчтөрү (ПФУ) — Финансы секторунун (банктык жана банктык эмес секторлордун) корпоративдик финансылык эмес сектордун, үй чарбаларынын, ошондой эле реалдуу, бюджеттик жана тышкы экономикалык секторлордун учурдагы финансылык абалынын жана туруктуулугунун көрсөткүчтөрү. Финансылык туруктуулук көрсөткүчтөрү аркылуу макропруденциалдык талдап-иликтөөлөр финансылык туруктуулукка баа берүүнүн усулдук ыкмаларынын бири болуп саналат.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Финансы системасы — Финансы ортомчуларынын, финансы рынокторунун экономикада акчанын жана кредиттин жылышынын жана экономикада акчанын жана кредиттин жылышын камсыз кылган финансы инфраструктурасынын ортомчусу болуп саналган чогуу алгандагы институттары. Финансы системасы: финансы мекемелеринен, үй чарбалардан, финансылык эмес ишканалардан, мамлекеттик мекемелерден жана ишканалардан өз атынан активдерге ээлик кылууга, милдеттенмелерди кабыл алууга, экономикалык ишти жүзөгө ашырууга жана башка түзүмдөр менен операцияларды жүргүзүүгөмүмкүнчүлүгү бар ишканалардан турат. Финансы системасынын өлчөмү финансы системасынын түзүмүнө жараша эсептелет жана депозиттик мекемелерге, башка финансылык корпорацияларга, финансылык эмес корпорацияларга, үй чарбаларына, мамлекеттик башкаруу секторуна жана борбордук банкка таандык болгон финансылык активдердин суммасын түшүндүрөт.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Төлөм теңдеминин финансылык эсеби — Өлкөнүн тышкы финансылык активдери жана милдеттенмелери менен операциялары төлөм теңдеминин финансылык эсебине кирет. Өлкөнүн тышкы финансылык активдери монетардык алтындан, ЭВФтин атайын карыз алышуу укуктарында авуарлардан жана резидент эместерге карата талаптардан турат. Өлкөнүн тышкы милдеттенмелери резидент эместердин резиденттерге карата талаптарынан турат. Финансылык эсепти классификациялоо эң оболу, четөлкө инвестицияларынын функционалдык багытына негизденген: тике, портфелдик жана башка инвестицияларга; туунду финансылык инструменттерге; резервдик активдерге бөлүнөт.