financial а ccount
Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)Төлөм теңдеминин финансылык эсеби — Өлкөнүн тышкы финансылык активдери жана милдеттенмелери менен операциялары төлөм теңдеминин финансылык эсебине кирет. Өлкөнүн тышкы финансылык активдери монетардык алтындан, ЭВФтин атайын карыз алышуу укуктарында авуарлардан жана резидент эместерге карата талаптардан турат. Өлкөнүн тышкы милдеттенмелери резидент эместердин резиденттерге карата талаптарынан турат. Финансылык эсепти классификациялоо эң оболу, четөлкө инвестицияларынын функционалдык багытына негизденген: тике, портфелдик жана башка инвестицияларга; туунду финансылык инструменттерге; резервдик активдерге бөлүнөт.