Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жерди карай ийилүү , өбөктөө. Ал эңкейип он тыйынды колуна алды (Жантөшев). Кычан жепирейген эшиктин босогосунан эңкейип өттү (Бейшеналиев). Элүүгө кадам басканда Эңкейип белиң ийилет (Токтогул).
2. Бийик жерден, жайлоодон ж. б. төмөндөп көчүү, ылдыйлоо, бийик жерден ашып өтүү, ары түшүү. Малчылар жайлоодон эңкейип калган убак (Каимов). Тиги көрүнгөн белди эңкейсеңер, Көк-Суудагы элге жетесиңер (Жантөшев).
3. өт. Белгилүү бир жаштан, маалдан, чектен өтүү, арылоо. Жакыптын жашы кырктан эңкейип калган (Бейшеналиев).