Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Электрондук цифралык кол тамга — 1) Алгачкы маалыматты электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычын пайдалануу менен кайраөзгөрткөн учурда алынган белгилердин ырааттуулугу, ал электрондук цифралык кол тамганын ачык ачкычынын пайдалануучусуна бул маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн, ошондой эле электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычынын ээсин аныктоого мүмкүндүк берет. 2)Анын жардамы менен төлөм системасынын катышуучусу электрондук төлөм документинин аныктыгын жана бүтүндүгүн тастыктаган инструмент болуп саналат. Электрондук цифралык кол тамга электрондук төлөм документине кол койгон төлөм системасынын катышуучусун аныктайт.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Электрондук маалымат — Алар менен компьютердик системаларда, компьютердик коммуникацияларда жана алар менен байланыштуу электрондук жабдууларда операциялар ишке ашырылган, электрондук түрдө берилген маалыматтар.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Электрондук тапшырма — Системанын белгиленген форматтарына ылайык акча которуулар системасында түптөлгөн жана акча которуу, жөнөтүүчү, алуучу жөнүндө бардык зарыл маалыматты камтыган акча которуу жөнүндөэлектрондук маалымат.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Жазүү жүзүндөгү электрондук төлөм документи — Электрондук формада түзүлгөн, эсептешүүлөрдүжүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыган жана электрондук цифралык кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн төлөм документинин бир түрү.

Англо-кыргызский словарь финансовых терминов НБКР (2016)
Электрондук капчык — Электрондук акчанын суммасы жана анын ээлик кылуучуга таандыгы жөнүндө жазуусу бар программалык камсыздоону же башка программалык-техникалык түзүлүштү түшүндүргөн, электрондук акчаны сактоо жайы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. племенной союз; род; племя; народ;
кай элсиң? ты какого роду-племени?
буудай чыкпайт таш жерге, эл болбойсуң башка элге фольк. пшеница не растёт на каменистом месте, не станешь ты своим в чужом роду;
элүү жылда эл жаңы погов. в пятьдесят лет народ обновляется (поколение сменяется);
эки кызы, бойго жетип, өз элин таап кетишкен две дочери его достигли совершеннолетия и ушли к своему роду (т.е. вышли замуж);
эл жатса да, Элебай акемдин эки кызы жатпайт загадка хотя народ спит, а две дочери Элебая аке не спят (отгадка уйдун мүйүзү рога коровы);
эл каттоо перепись населения;
аз сандуу элдер национальные меньшинства;
эл республикасы народная республика;
эл-журт
1) своё племя, свой род;
кыздын эл-журту башка дочь - отрезанный ломоть (букв. дочь - другого роду-племени; жена переходила в род мужа);
2) народ, люди;
кайгы-капасын ичте жашырып, эл-журтка билгизбеске тырышты своё горе-печаль он переживал внутренне, старался не выказывать этого перед людьми;
эли-жер родина; родная страна и родной народ;
эл бийлери уст. судебные заседатели;
эл комиссары ист. народный комиссар;
эл комиссариаты ист. народный комиссариат;
2. родович (член одного с кем-л. родового союза);
3. мирный житель (прим. см. жоола-, элде- 2);
эли жоосун биле албай фольк. будучи не в состоянии отличить мирных от врагов;
душман кайсы, эл кайсы, бир бирине көрүнбөй фольк. не показываясь друг другу, (не могли разобрать) где мирный и где враг;
4. страна; государство;
чет эл чужой народ; чужая страна; заграница;
чет элдерде за границей; в чужих странах;
эл аралык абал международное положение;
эл кишиси уважаемый человек; человек, к которому обращаются за советом, за разрешением споров, тяжб;
эл кайда көчөт божья коровка;
элден, чыгып калды он стал изгоем; он всем опротивел; его никто не любит;
элге батпай калды он неужился с народом, с коллективом;
эл алды болуп раньше других;
эл көзүнө для видимости; только напоказ;
эл көзүнчө при народе, гласно;
эл-эл балду, Элебай акем не болду? погов. всё это так, но главное-то как? (букв. народ - народом, а что сталось с моим Элебай аке или а что сделал мой Элебай аке?);
эл чабар то же, что элчабар.