Электрондук цифралык кол тамга — 1) Алгачкы маалыматты электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычын пайдалануу менен кайраөзгөрткөн учурда алынган белгилердин ырааттуулугу, ал электрондук цифралык кол тамганын ачык ачкычынын пайдалануучусуна бул маалыматтын бүтүндүгүн жана өзгөрүлбөстүгүн, ошондой эле электрондук цифралык кол тамганын жабык ачкычынын ээсин аныктоого мүмкүндүк берет. 2)Анын жардамы менен төлөм системасынын катышуучусу электрондук төлөм документинин аныктыгын жана бүтүндүгүн тастыктаган инструмент болуп саналат. Электрондук цифралык кол тамга электрондук төлөм документине кол койгон төлөм системасынын катышуучусун аныктайт.
Электрондук маалымат — Алар менен компьютердик системаларда, компьютердик коммуникацияларда жана алар менен байланыштуу электрондук жабдууларда операциялар ишке ашырылган, электрондук түрдө берилген маалыматтар.
Электрондук тапшырма — Системанын белгиленген форматтарына ылайык акча которуулар системасында түптөлгөн жана акча которуу, жөнөтүүчү, алуучу жөнүндө бардык зарыл маалыматты камтыган акча которуу жөнүндөэлектрондук маалымат.
Жазүү жүзүндөгү электрондук төлөм документи — Электрондук формада түзүлгөн, эсептешүүлөрдүжүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды камтыган жана электрондук цифралык кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн төлөм документинин бир түрү.
Электрондук капчык — Электрондук акчанын суммасы жана анын ээлик кылуучуга таандыгы жөнүндө жазуусу бар программалык камсыздоону же башка программалык-техникалык түзүлүштү түшүндүргөн, электрондук акчаны сактоо жайы.