bitcoin
Словарь переводов пользователей Эл-Создук
Bitcoin - криптовалюта жана дүйнөлүк төлөм системи. Борборсуздаштырылган электрондук валюта. Системдин борбордук банкы же жеке ээлик кылган администратору жок. Желе пириңгдик (тең укуктуулар) жана колдонуучулар арасында транзакциялар (операциялар) түз, ортомчу жок жүргүзүлөт. Операциялар желе түйүндөрү тарабынан криптографияны колдонуп верификацияланат (тастыкталат) жана блокчейн (blockchain) аталган ачык жеткиликтүү реестр жүргүзүлөт. Bitcoin - Сатоши Накамото атанган белгисиз киши же кишилер тобу тарабынан 2009-жылы ачык коддуу софт катары чыккан.