Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Верификациялоо (Verification) —Верификациялоо – 1) текшерүү, контролдоо, мисалы, бухгалтердик отчетторду баштапкы документтер менен салыштырып текшерүү, кардарлар менен такташуу аркылуу банктык жазуулардын тууралыгын текшерүү; 2) аныктыгын же тууралыгын тастыктоо. Кыргыз Республикасынын “Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдашытрууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамына (мындан ары –ПФТ/ОД) ылайык, верификациялоо дегенден улам, тактоо же ички контролдукту жүзөгө ашыруу максатында маалыматтарды берген жактар аркылуу ишке ашырылган идентификациялоонун текшерилүүгө тийиш болгон натыйжаларын тактоо жана текшерүү боюнча иш-чараларды түшүнүү зарыл.