Киргизско-русский словарь Юдахина
постель, двухспальная постель;
төшөк сал- стлать постель;
уйку төшөк тандабайт погов. сон постели не разбирает;
өз үйүм - өлөң төшөгүм погов. своя хатка - свой простор; своя хатка - родная матка;
төшөктө жат-
1) лежать в постели;
2) перен. болеть;
төшөк тарт- лежать в постели (о больном), болеть;
бир ай төшок тартып жаттым я месяц пролежал в постели (проболел);
эт төшөк тяньш. то же, что эт жууркан (см. жууркан);
төшөк жаңырт- жениться повторно (букв. обновить постель);
төшөк булга- (о жешцине) осквернить супружеское ложе; нарушить верность;
төшөгүн бас- (о мужчине) осквернить чьё-л. супружеское ложе;
төрө баатыр Семемдин, төшөгүн бассам оңомбу? фольк. мне не видать добра, если я оскверню супружеское ложе моего господина богатыря Семе (тея);
төшөк бастыр- или төшөк тепсет- (о женщине) нарушить супружескую верность;
төшүмдү кантип ачтырам? төшөгүм кантип бастырам? фольк. как я позволю (чужому мужчине) открыть грудь мою? как я нарушу супружескую верность?
сен менин төшөгүмдү тепсетип жүрөсүң - деп, күнөөлөдү он меня обвинил в том, что я, мол, нарушила супружескую верность;
эрди-катындын төшөгү сууду супружеская чета распалась;
мына салынуу төшөк, жайылуу дасторкон вот дом - полная чаша;
төшөк талашуу этн. одно из свадебных развлечений перед отправкой невесты в дом жениха: отца жениха или одного из его близких родственников сталкивают в яму и не дают ему вылезти, требуя выкупа;
кана, кудалар! биздин сураганды бересиңерби же төшөк талашасыңарбы? ну, сваты! дадите то, что мы просим, или будем устраивать төшөк талашуу?
тогуз хан төшөк талашып, токсон күн кызык көргөн жер фольк. это то место, где девять ханов устроили төшөк талашуу и девяносто дней развлекались;
төшөк салар этн. постилание постели для жениха и невесты, за что жених давал выполнявшей это родственнице невесты подарок;
төшөк басар или төшөк басты южн. этн. свадебный обычай: в течение трёх дней после свадьбы молодая не может выходить из дома; молодой поселяется у неё.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Төшөнчү салып ылайыкталган орун, жай. [Жылдызкан] ордунан акырын туруп, төшөк салууга камынды (Байтемиров). [Осип] төшөктө жатып күлүмсүрөп кубанды (Сасыкбаев). Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт (макал).
2. Жерге отурган адамдардын астына салууга ылайыкталып кабып жасалган эни тайкы, узунча төшөнчү, көрпө. Шайы төшөккө бутту сунуп жиберип, господин Бугимов жатты (Сасыкбаев). Шарип чуркап барып бурчтагы узун курак төшөктү жая салды (Бейшеналиев).
Төшөк тартуу — ооруп жатып калуу. Мен төшөк тартып жатканыма бүгүн беш күн болду (Жантөшев). Карылык жетип бир жактан, Төшөк тартып ооруптур («Мендирман»). Төшөк жаңыртуу — экинчи жолу үйлөнүү, жаңы аял алуу. Төшөк талашуу — кызды күйөөгө жөнөтөр алдында күйөө тараптан белек талап кылуу максатындагы оюн-зоок. Төшөк салар — кыз бергенде күйөө-кыздын төшөгүн салганы үчүн кыздын жеңесине берилүүчү сыйлык, белек. Жеңкетайды, эшик ачарды, төшөк саларды буларга чачкыла (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ичине кебез же жүн салынып кездеме менен тышталган, алдыга салынып же жамынып жатууга ылайыкталган төшөнчү. Жылдызкан ордунан акырын туруп, төшөк салууга камынды (Байтемиров). Осип төшөктө жатып күлүмсүрөп кубанды (Сасыкбаев). Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт (макал). Төшөккө жакшы жатпадың, Бир кишиге батпадың (Калмырза). 2. Жерге отурган адамдардын астына салууга ылайыкталып кабып жасалган, эни тайкы, узунча төшөнчү, көрпө. Апам абдан чарчаган көрүнөт, төшөккө жатар менен уйкуга кеттик («Ала‑Тоо»). Шарип чуркап барып бурчтагы узун курак төшөктү жая салды (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үйлөнүүдөгү кааданын бири. Нике кыйылгандан кийин жеңелери кызды ээрчитип келип күйөөнүн койнуна алгач жаткырышы. Окуп кутпа дубасын, Кызга нике кыйдырды, Кызга нике байлады, Төшөк көтөр жеткенче, Кыргыйдай көзү жайнады («Манас» С. О.).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үйлөнүү, кыз узатуу салтындагы ырымдардын бири. Узап жаткан кызга үп катары берилген мүлктөрдү, айрыкча төшөнчү-орундарды талашуу, кыз тараптар бербейбиз – деп талашып, акысына сыйлык талап кылуу. Адатта, күйөө тарап төшөнчү-жууркандар үчүн аялдарга акы-сыйлык беришет. Төшөк талаш деген сөз, Так ошондон калыптыр («Манас» С. О.).