Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ичине кебез же жүн салынып кездеме менен тышталган, алдыга салынып же жамынып жатууга ылайыкталган төшөнчү. Жылдызкан ордунан акырын туруп, төшөк салууга камынды (Байтемиров). Осип төшөктө жатып күлүмсүрөп кубанды (Сасыкбаев). Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт (макал). Төшөккө жакшы жатпадың, Бир кишиге батпадың (Калмырза). 2. Жерге отурган адамдардын астына салууга ылайыкталып кабып жасалган, эни тайкы, узунча төшөнчү, көрпө. Апам абдан чарчаган көрүнөт, төшөккө жатар менен уйкуга кеттик («Ала‑Тоо»). Шарип чуркап барып бурчтагы узун курак төшөктү жая салды (Бейшеналиев).