Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үйлөнүү, кыз узатуу салтындагы ырымдардын бири. Узап жаткан кызга үп катары берилген мүлктөрдү, айрыкча төшөнчү-орундарды талашуу, кыз тараптар бербейбиз – деп талашып, акысына сыйлык талап кылуу. Адатта, күйөө тарап төшөнчү-жууркандар үчүн аялдарга акы-сыйлык беришет. Төшөк талаш деген сөз, Так ошондон калыптыр («Манас» С. О.).