Киргизско-русский словарь Юдахина
понимать, вникать;
бул маселени түшүнүп алуу керек в этот вопрос нужно вникнуть;
айтайын деген оюңузду түшүнүп турам я понимаю мысль, которую вы хотите высказать;
иштин жөнүнө түшүнбөй эле не вникнув в суть дела, не поняв сути дела;
адам түшүнүп болбогондой, чакчелекей невообразимый переполох;
түшүнсөң вводн. сл. понимаешь (ли).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бир нерсенин маанисин, мазмунун өзү үчүн түшүнүктүү кылуу, акыл-эсинде жеткире билүү, акыл-эсинде айкын болуу. Абылбек менен Айгүл Темировдун койгон суроосуна жакшы түшүндү (Жантөшев). Көрбөгөн көп жыл жашап мындай сонун, Түшүндүм партиянын айкын жолун (Барпы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсенин маанисин, мазмунун өзү үчүн түшүнүктүү кылуу, акыл-эсине жеткире билүү, акыл-эсинде айкын болуу. Абылбек менен Айгүл Темировдун койгон суроосуна жакшы түшүндү (Жантөшев). Көрбөгөн көп жыл жашап мындай сонун, Түшүндүм партиянин айкын жолун (Барпы). Түшүнгүн сен, кул эмесмин бүгүн мен, Баардыгына кол куушуруп тургудай (Байгазиев). Ааламды канча жолу эскиртпедик, Түшүндүк кайра аруулап канча ирет (Сариева).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Оюма түштү», «эсиме түштү» деген учурда айтылган түш этишине өздүк мамилении -н мүчөсү жалганып, түшүн сөзү жаралган. Ошол -н мүчөсү уланганда келип чыккан мааниси түш этиши өзү жеке тургандагы мааниден айырмалуу болуп калган. Мындай кубулуштар -н мүчөсү жалганган урун, сүй+н, таарын сыяктуу этиштерден да байкалат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от түшүн-
разъяснять, растолковывать; втолковывать;
адамга кара санаба деп, жеңил түшүнтөт он осторожно растолковывает, мол, зла человеку не желай;
ошону сен Андрейге айтсаң, түшүнтүп койсоң об этом сказал бы ты Андрею, разъяснил бы;
түшүнтүп айт- растолковать, разъяснить.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бир нерсе жөнүндө болгон аныктама; иштин, окуянын жөн-жайы көрсөтүлгөн баяндама, кабар, түшүндүрүп ачып көрсөтүлгөн маани. Так түшүнүк бергиси жок (Аалы). Орозованын өз колунан түшүнүк алып, тезинен мага кабар кылгын (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсе жөнүндө болгон аныктама, иштин, окуянын жөн-жайы көрсөтүлгөн баяндама, кабар, түшүндүрүп ачын көрсөтүлгөн маани. Так түшүнүк бергиси жок (Токомбаев). Орозованын өз колунан түшүнүк алып, тезинен мага кабар кылгын (Бейшеналиев).

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Кызмат тармагында, кызматка байланыштуу маселени, анын айрым жактарын түшүндүрүү үчүн жетекчиге же жогорку органдарга жиберилүүчү расмий документ түшүнүк кат деп аталат.

Түшүнүк кат формасы жагынан баяндама катка жана билдирмеге окшош. Алардын айырмачылыктары төмөнкүдөй: баяндама кат менен билдирмеде жумуштагы жетишкендиктер жана жетишпегендиктер баяндалып, кемчиликти четтетүү жогорку инстанциялардан суралат. Чарбалык, финансылык, экономикалык маселелер билдирмеде чагылдырылат. Ал эми түшүнүк катта аны жазган адам мекемеде кызматтык тартипти эмне себептен сактабай калганы көрсөтүлөт.

Түшүнүк кат жетекчинин талабы боюнча жазылат жана түшүнүк кат жазган адамды жазалоого негиз болот.

Түшүнүк каттар арналышы боюнча ички түшүнүк кат жана тышкы түшүнүк кат болуп бөлүнөт.


Булагы: иш-кагаздарын-мамлекеттик-жана-расмий-тилде-жүргүзүү