түшүнүк кат
Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека СааданбековаКызмат тармагында, кызматка байланыштуу маселени, анын айрым жактарын түшүндүрүү үчүн жетекчиге же жогорку органдарга жиберилүүчү расмий документ түшүнүк кат деп аталат.
Түшүнүк кат формасы жагынан баяндама катка жана билдирмеге окшош. Алардын айырмачылыктары төмөнкүдөй: баяндама кат менен билдирмеде жумуштагы жетишкендиктер жана жетишпегендиктер баяндалып, кемчиликти четтетүү жогорку инстанциялардан суралат. Чарбалык, финансылык, экономикалык маселелер билдирмеде чагылдырылат. Ал эми түшүнүк катта аны жазган адам мекемеде кызматтык тартипти эмне себептен сактабай калганы көрсөтүлөт.
Түшүнүк кат жетекчинин талабы боюнча жазылат жана түшүнүк кат жазган адамды жазалоого негиз болот.
Түшүнүк каттар арналышы боюнча ички түшүнүк кат жана тышкы түшүнүк кат болуп бөлүнөт.
Булагы: иш-кагаздарын-мамлекеттик-жана-расмий-тилде-жүргүзүү