ТҮШҮН
Краткий этимологический словарь кыргызского языка«Оюма түштү», «эсиме түштү» деген учурда айтылган түш этишине өздүк мамилении -н мүчөсү жалганып, түшүн сөзү жаралган. Ошол -н мүчөсү уланганда келип чыккан мааниси түш этиши өзү жеке тургандагы мааниден айырмалуу болуп калган. Мындай кубулуштар -н мүчөсү жалганган урун, сүй+н, таарын сыяктуу этиштерден да байкалат.