Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ага-ининин балдары, бир атанын балдары, бир уруудан таркаган адамдар. Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат (макал). Мукай менен Абаз жакын туугандардын балдары (Таштемиров).
2. Агайын, жолдош деген мааниде кайрылуу иретинде айтылуучу сөз. Эми ушул жерден коштошолу, тууган (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ага-ининин балдары, бир атанын балдары, бир уруудан таркаган адамдар. Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат (макал). Мукай менен Абаз жакын туугандардын балдары (Таштемиров). Тууган-уругу жоктон бетер жесир калган кызыңарды эмдигиче өзүңөргө алып албаганыңар кандай? (Жакиев). 2. Агайын, жолдош деген мааниде кайрылуу иретинде айтылуучу сөз. Казак тууган келгиле, Сөзүмө көңүл бөлгүлө (Калмырза). Эми ушул жерден коштошолу, тууган (Жантөшев). 3. өт. Жакын, жолдош, дос. Калайык тууган, калың журт, Кайта көрдүм түрүңдү (Токтогул). Каршылашып кармашпай, Түбөлүккө эл болуп, Тууган болуп калалы! («Семетей»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТУУГАНДАР – өзара кандаш тууганчылыкка байланышкан же бири-биринен келип чыккан же жалпы укум-тукуму бир адамдар. Т. көпчүлүк үйбүлө мамилелеринин негизги белгилеринен болуп саналат. КР үйбүлө мыйзамдары ата-энеге, балдарга, асыроочуларга, асырандыларга толук жана толук эмес ага-ини, эже-сиңди, карындаш, чоңата-чоңэне, таята-таяне, неберелерге тийиштүү «жакын тууган» деген түшүнүктү бөлүп көрсөтөт. Туугандык мамилелерди жиктештирүүнүн юридикалык, бөтөнчө үйбүлө жана мурастоо укугундагы мааниси өтө чоң.

Киргизско-русский словарь Юдахина
имеющий родню, родственника или родственников;
мен ата-энелүү, бир туугандуумун я имею родителей и кровных родственников (родных братьев, сестёр);
туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок погов. у честного судьи нет родни, у судьи, имеющего родню, нет совести.

Киргизско-русский словарь Юдахина
уподоб. от туу- III 1
1. будто родить;
катыны эркек туугансып он несказанно рад, он сияет от радости (букв. будто его жена родила мальчика);
2. чувствовать себя как бы родным;
туугансып, Манас барыптыр, туташ жаткан кыргызы, турбай кетип калыптыр фольк. отправился Манас как к родным, (но) оказалось, что все жившие (там) киргизы отбыли.