Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Ага-ининин балдары, бир атанын балдары, бир уруудан таркаган адамдар. Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат (макал). Мукай менен Абаз жакын туугандардын балдары (Таштемиров).
2. Агайын, жолдош деген мааниде кайрылуу иретинде айтылуучу сөз. Эми ушул жерден коштошолу, тууган (Жантөшев).