ТУУГАН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ага-ининин балдары, бир атанын балдары, бир уруудан таркаган адамдар. Тууган күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат (макал). Мукай менен Абаз жакын туугандардын балдары (Таштемиров). Тууган-уругу жоктон бетер жесир калган кызыңарды эмдигиче өзүңөргө алып албаганыңар кандай? (Жакиев). 2. Агайын, жолдош деген мааниде кайрылуу иретинде айтылуучу сөз. Казак тууган келгиле, Сөзүмө көңүл бөлгүлө (Калмырза). Эми ушул жерден коштошолу, тууган (Жантөшев). 3. өт. Жакын, жолдош, дос. Калайык тууган, калың журт, Кайта көрдүм түрүңдү (Токтогул). Каршылашып кармашпай, Түбөлүккө эл болуп, Тууган болуп калалы! («Семетей»).