Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бир нерсенин жакшы же жаман жагын талдоо, толуктугун, кемчилдигин, тууралыгын аныктоо, тактоо, эсебин алуу ж. б. үчүн кылдаттык менен карап чыгуу. Азыркы күндө ар ишти Акыйкат менен текшерди (Осмонкул). Текшерип көрсөң болбойбу Жалган менен аныкты (Токтогул). Иштин сапатын текшерип көрүү. Кассаны текшерип чыгуу. Окуучулардын билим деңгээлин текшере турган экзамендер.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир нерсенин жакшы же жаман жагын талдоо, толуктугун, кемчилдигин, тууралыгын аныктоо, тактоо, эсебин алуу ж. б. үчүн кылдаттык менен карап чыгуу. Азыркы күндө ар ишти, Акыйкат менен текшерди (Осмонкул). Текшерип көрсөң болбойбу, Жалган менен аныкты (Токтогул). Иштин сапатын текшерип көрүү. Кассаны текшерип чыгуу. Окуучулардын билим деңгээлин текшере турган экзамендер. 2. Бирдемеге жарактуулугун, сапатын, касиетин жана билим деңгээлин билүү, талдоо максатында сынакка алуу, сыноо, байкап көрүү. Машинанын тетиктерин текшерип көрүү. Улам карап текшерип, Сынап жаткан турбайбы (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от текшер-
1. разбор (дела), обследование, расследование; ревизия, проверка;
текшерүү комиссиясы ревизионная комиссия;
чечимдердин аткарылышын текшерүү проверка выполнения решений;
өз ара текшерүү взаимопроверка;
2. уст. исследование.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕКШЕРҮҮ КОМИССИЯСЫ – корпоративдик укукта акционердик коомдун (жоопкерчилиги чектелген коомдун) каржы-чарба иштерин көзөмөлгө алууну ишке ашыруу үчүн акционерлердин жалпы чогулушунда (жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын) шайлануучу туруктуу жамааттык орган. Коомдун Т. к-нын мүчөлөрү бир эле убакта директорлор кеңешинин (байкоочу кеңештин) мүчөлөрү боло алышпайт, ошондой эле коомдун башкаруу органдарында башка кызматтарды ээлей алышпайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТЕКШЕРҮҮ САТЫГЫ – каржылык, чарбачылык, ишкердик, соода-сатык иш-аракеттерин жөнгө сала турган кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу тартип бузуулар тууралуу шашылыш маалыматтар келип түшкөндө, товарларды сатып алуу (керектөө же сатуу максатында эмес) аркылуу шашылыш чара көрүү кызматкери (бөлүмү) тарабынан түзүлүүчү жасалма жагдай.