Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Таңып алуу, байланып алуу (мис., чарыкты). Бутуна чарык тартынып, Байлардын коюн багышкан (Осмонкул). [Бурма] белдемчи тартынып, башын ак жоолук менен кайра тарта буунган (Каимов). Курун бекем тартынды.
2. Жалтануу, айбыгуу; тарткынчыктоо, батына албай коюу, тарткынчаактык кылуу. Артыла берет өнөрүң, Балам, тартынбай киргин жарышка (Токтогул). Ынтымак болсо калкыңда, Душманыңдан тартынба (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от тарт-
1. натягивать на себя; подтягивать к себе, под себя;
өтүк тартын- натягивать (надевать) сапоги;
тартынганың чокой болсун, аралаганың токой болсун! проклятие чтоб тебе (вечно) ходить в поршнях (см. чокой I), чтоб тебе вечно бродить в лесу!;
жылкынын чылгый терисин көчүгүнө тартынып фольк. невыделанную конскую кожу подложив под себя;
басмайылын оңдоп тартынып поправив, он подтянул подпругу (своего седла);
алжапкыч тартынып повязавшись фартуком;
көз айнек тартын- надеть очки;
Динар чон эненин көз айнегин тартынып алган Динар надела очки своей бабушки;
чоң эне тартына коюп жүрчү көз айнек очки, которые носила бабушка;
калкан тартынып прикрепив себе щит;
жүзүн көргөн адамдар, өз боюн өзү тартынган фольк. люди, увидевшие его лицо, становились ниже (пред его величием, грозностью);
кош кулагын тикчийтип, кошкуруп ичин тартынды (конь в испуге) поджал уши, храпит, втянул живот;
алтының болсо, артынгын, күмүшүң болсо, тартынгын фольк. если у тебя есть золото, навьючь, если у тебя есть серебро, вези с собой;
2. уклоняться от участия, не принимать участия, отлынивать;
ушундай ийгиликтүү ишке киши тартынып калабы? разве можно уклоняться от такого хорошего дела?
3. стесняться;
тартынбай или тартынбастан не стесняясь, без стеснения, не боясь, смело;
тим эле бет алдынча кеп айтып, тартынбай хандан, сүйлөдү фольк. совсем не стесняясь, он смело говорил в лицо хану;
тартынбай сөзүм айтайын скажу я прямо, без стеснения;
4. скупиться;
сен эми аяба малды, тартынып фольк. ты теперь не жалей скота, не скупись;
кабылан Манас баатырым калк тартынар кан беле? фольк. разве леопард Манас, богатырь мой, такой хан, для которого народ скупится?
ичим тартынды меня обеспокоило; в меня вселило опасение;
Мергендин антип айтышына ичим тартынды слова Мергена вселили в меня опасения (зачем он так сказал, лучше бы не говорил!);
бала туруп, чон, кишинин айтканын айтса, ичим тартынат когда ребёнок говорит, как взрослый, меня это беспокоит.
тартынчаак плохо идущий на поводу; упирающийся и не идущий вперёд.
тартынчыкта- побаиваться, не решаться.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Таңып алуу, байланып алуу (мис. чарыкты). Бутуна чарык тартынып, Байлардын коюн багышкан (Осмонкул). Бурма белдемчи тартынып, башын ак жоолук менен кайра тарта буунган (Каимов). Курун бекем тартынды. 2. Жалтануу, айбыгуу, тарткынчыктоо, батына албай коюу, тарткынчаактык кылуу. Артыңа берет өнөрүң, Балам, тартынбай киргин жарышка (Токтогул). Ынтымак болсо калкыңда, Душманыңдан тартынба (Бөкөнбаев).