Киргизско-русский словарь Юдахина
1. кость;
сөөгү чоң бала или сөөгү ири бала крупный ребёнок;
сөөгү таза у него абсолютно здоровый организм;
сын сөөк коренастый, как сбитый (о человеке);
сөөк-саак кости;
сөөк-саагы жоон или сөөк-саактуу ширококостый;
сөөк-саагы ичке хилого сложения;
сөөк-саагым ооруп турат у меня кости болят;
он эки мүчө, кырк сөөк весь организм (человека);
сөөк сал- положить (гостю) кость (кусок мяса с соответствующей костью - в зависимости от степени почёта);
калың кыргыз сал- ты ошол - сөөк салып, баш берген фольк. киргизский обычай таков: положить (гостю) кость и дать (овечью) голову;
сөөк калып тууган бала ребёнок, родившийся очень хилым (как бы без признаков жизни, но потом оживший);
боюма болуп, анан сөөк болуп калды я забеременела, но затем плод перестал расти и рассосался (в старом быту такое представление было);
2. свойственник, родственник по браку;
дос айрылат, сөөк кайрылат погов. друг расстаётся, свойственник помогает (т.е. в старом быту свойственник надёжнее друга);
куда-сөөк близкие свойственники, сваты и сватьи;
сөөк-тамыр сваты и приятели;
куда-сөөктүн кызыгы - барып, келиш погов. сваты (и сватьи) хороши тем, что друг к другу (в гости) ходят;
өтмө катар сөөк свойственники, породнившиеся браками многих поколений;
3. останки, тело покойника;
сөөк чыгар- выносить тело (букв. кости) покойника для захоронения (в старые времена, когда богатый или знатный киргиз умирал вдали от места, где должен был быть похоронен, отделяли кости от мяса и везли их хоронить);
сөөгү көмүлдү он погребён;
сөөк коюу похороны;
өлүгүң көмүлбөй, талаада калсын, сөөгүң кайра келбесин! проклятие пусть тело твоё останется в степи, пусть кости твои сюда (для захоронения) не возвратятся!;
өлү сөөк (о человеке) очень выносливый;
сенин сөзүң сөөгүмө батты или сенин сөзүң сөөгүмдөн өттү твои слова оскорбили меня до глубины души;
сөздөрү сөөгүмдөн кеткис болдү его (оскорбительных) слов я никогда не забуду;
сөөгүмөн сөзүн өткөрүп, арамдар басат белимден фольк. негодники, оскорбляя меня словами, будут унижать меня;
сөөккө жет- донять, пронять, допечь;
сай-сөөктөн өткөн суук пронизывающий холод;
сай-сөөгүм сыздады
1) у меня все кости мозжат;
2) я очень огорчён;
сай-сөөгүмдү сыздатты он сильно огорчил меня;
сөөгүбүз агарды мы отдохнули, поправились (напр. в доме отдыха и т.п.);
сөөгү агарсын пусть он отдохнёт, поправится;
сөөк агарт- дать отдохнуть и поправиться;
атыңды жайлоого чыгарып, сөөгүн агартып ал ты отправь своего коня на летнее пастбище, чтобы он отдохнул и набрал тело;
сөөгү жукарды он похудел, заплошал;
жаз болду, сөөк жукарды - ачарчылык наступила весна, похудел-голод;
сөөк өчтүү (о человеке) непримиримо враждебный, навеки враждебный;
сөөк терин ал- вызвать обильное потение;
күлүк аттын сөөк терин алат у скакового коня вызывают обильное потение (тренируя его к скачкам);
сөөк тери чыкты (о больном) он совсем поправился (после сильного выпота);
сөөгүңдөгү майыңды чыгарам я из тебя всю душу вымотаю;
маңдай сөөгү кайкы (чаще о женщине) несчастная, обездоленная;
ак сөөк
1) утончённо-вежливый, держащий себя с достоинством;
2) настоящий, близкий свойственник;
3) уст. белая кость, аристократ (у киргизов деления на белую и чёрную кость не было; термин в этом значении появился после революции, ныне употребляется только иронически);
ак сөөктөр уст. аристократия;
сөөгү меники, эти сеники кости мои, мясо твоё (говорил отец учителю, приводя своего сына в старометодную мусульманскую школу, тем самым давая учителю право подвергатъ ребёнка любому телесному наказанию);
бир ууч сөөгүмдү бергин этн. отдай горсть моих костей (говорит отец жениха родителям невесты, когда все расчёты по калыму закончены);
ыргыткан сөөк башына тийбейт захудалый, разорившийся; потерявший общественное положение;
сөөгү сөпөт болгур! см. сөпөт;
сөөк кымыз см. кымыз;
сөөгү жашыды см. жашы-2;
сөөк-тамырлап см. тамырла-.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Омурткалуу жаныбарлардын, адамдын скелетинин* бөлүктөрун түзүүчү катуу зат. Пилдин сөөгү. Кишинин сөөгү. Малдын сөөгү.
  1. 2.                  Айрым жемиштердин данегин каптаган катуу кабыгы. Өрүктүн сөөгү. Алчанын сөөгү.
  2. 3.                  Теги, негизи, тукуму. Сөөгү таза мал. Кыргыз жылкысы, сөөгү ушак болгон менен, чаалыкпас тукумдан (Сыдыкбеков). Айсалкын адамдын асылы, сөөгү таза жан («Ала-Тоо»).
  3. 4.                  Өлүк. Калтабай сөөктү үйүнө эки түнөттү, эки күнү конок күттү (Аалы). Егордун сөөгүн мүрзөгө койгондо Ашырда катышты (Сасыкбаев).
  4. 5.                  Кудалык жактан болгон тууганчылык, жакындык. Дос айрылат, сөөк кайрылат (макал). Сөөк болушуу.

Сөөгү агаруу — 1) семирүү, эттенүү; эс алуу, тыныгуу. Сөөгү агарсын Алгара, Көп минилди жаныбар («Семетей»).. Атыңды жайлоого чыгарып, сөөгүн агартып ал; 2) ыраазы болуу. Сөөгүм силерден агарды. Сөөктөн өтүү; сөөккө батуу — жанга батуу, көкөйгө тийүү, көңүлү калуу. Сай-сөөгүсыздоо — кейүү, кейиште калуу, күйүнүү. Сөөк өчтүү — эскиден бери кас, жылдызы каршы, өчү бар. Ак сөөк — аристократ, теги, ата-бабасы «жогорку» таптан болгон, жөнөкөй, карапайым элден аристократтыгы жагынан өзгөчөлөнгөн. Ыргыткан сөөк: башына тийбеген — түгү жок, жакырланган, каңгырап бош калган, сандалган, арып-ачкан. Сөөгүн сөпөт кылуу к. сөпөт. Сөөгүнө сиңүү — адат, өнөкөт болуп калуу. Омор байыртан сөөгүнө сиңген адаттарын таштай элек (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Омурткалуу жаныбарлардын, адамдын скелетинин бөлүктөрүн түзүүчү катуу зат. Топук кылбай этине, Сөөгүн өзү кемирген (Калмырза). Пилдин сөөгү. Кишинин сөөгү. Малдын сөөгү. 2. Айрым жемиштердин данегин каптаган катуу кабыгы. Өрүктүн сөөгү. Алчанын сөөгү. 3. Теги, негизи, тукуму. Сөөгү таза мал. Кыргыз жылкысы, сөөгү ушак болгон менен, чаалыкпас тукумдан (Сыдыкбеков). Айсалкын адамдын асылы, сөөгү таза жан («Ала-Тоо»). Сөөрүнө алтын жалаткан, Сөөгү таза агачтан (Дүйшеев). 4. Өлүк. Калтабай сөөктү үйүнө эки түнөттү, эки күнү конок күттү (Токомбаев). Егордун сөөгүн мүрзөгө койгондо Ашыр да катышты (Сасыкбаев). Көмүлбөгөн сөөгүң менен – Сен улуттун ар-намысын сактадың (Байгазиев). Сөз кылды не, сөз кылбады не пайда, Сөөгүм куруп, жер алдында калганда (Бегимкулова). 5. Кудалык жактан болгон тууганчылык, жакындык. Дос айрылат, сөөк кайрылат (макал). Сөөк болушуу. 6. Зергерчиликтин жердиги, көркөм буюмдарды кармоонун түбөлүктүү негизи.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Устакерчиликтин бир ыкмасы, жердиктин түсүн өзгөртүү, Ал сөөктү боёодо буюмдарды бири-биринен айырмалоо үчүн атайын өзүнүн боегу бар. Бул боюнча өзүлөрү ойлоп чыгарып, өндүрүшкө пайдалуу сунуштарды киргизишкен чеберлери бар. Ыкчам чайдын чамасына уксус кошуп, ошого сөөктү бир сааттай салып койсо, ал күрөң кызгылт, кудум ышкын түп өңдөнүп калат. Пияздын сырткы кабыгына уксус кошуп да сөөк боеп алууга болот.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Мурда куда-сөөк болгон адамдар менен экинчи жолу да кыз алышып, кыз беришип, дагы кудалашуу, жаңы сөөк болушуу. Эркин, сөөк жаңыртуу биздин коомдун жаштарына жат калдыктын саркындысы экенин түшүнөсүңбү? («Ленинчил жаш»). Силер менин пиримсиңер. Ошол үчүн сөөк жаңырталы деп кол берип олтурам (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
Бул — сөөктөн көркөм буюм жаратуу аракетинин башталышы. Сөөктөн бардык буюмдарды жасоого болот. Бирок, мында кол эмгегин арбын колдонуубуз зарыл. Андан жаралган буюмдардын баасы артылат. Бүгүн сөөк чеберлери элдик нускалуу буюмдарды жаратууда өзүнчө кооз үлгү жана бир бүтүмдүү композиция ойлоп табууда түтүкчө сөөктүн чегинен чыга алышпай жатышат. Ал үчүн сөөктөн ар тараптуу жана тоголок, тегерек буюмдарды жаратууга болот. Андыктан деңиз жаныбарларынын сөөктөрүн пайдалануубуз тийиш.
      Түбөлүктүү буюм-белек жана азем нускаларды жаратууда асыл жердик менен чеберлердин камсыз болушу сөзсүз чыгармачылыкка алып келет. Жыгачтын кандай текстурасы болсо, сөөктүн да дал ошондой ички касиеттери бар. Аны узак убакыт колдонгондо мунун толкун уюл сымалданган кереметтери чыга келет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
СӨӨК КОЮУ – адам каза болгондон кийин, санитардык жана башка талаптарга каршы келбеген үрп-адат жана каада-салттарга ылайык анын денесин көмүү боюнча каадалык аракеттер. С. к. денени (сөөктү) жерге берүү (бейитке коюу, көмүү), өрттөө (кийин анын күлү салынган кутуну көмүү менен денени кремация кылуу), сууга агызуу жолу менен ишке ашырылышы мүмкүн.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн бир түрү. Бодо малдардын — төөнүн, жылкынын, уйдун, топоздун жамбаш жана жото жилик сөөктөрүнөн кооз белек-буюмдарды жасоочулук. Мында абалы сөөктүн майын кетириш үчүн аны да мүйүздөй эле белгилүү өлчөмдө сууга кайнатып алат. (Азыр элдик кол өнөрчүлүк бирикмелеринде сөөктү абалы авиабензинге салып, перегидроддон 30 проценттей кошуп кайнатууну иш жүзүнө ашырууда.) Мындан чебер өзүнүн формасына ылайык фигураларды, вазаларды кол учунан эле жасоого жарайт.
      Сөөктөн ар түрдүү кутучалар кармалат. Чеберлер сөөктүн ички кемиктерин оюп ташташат. Мүйүз жана сөөктөн кыз-келиндердин азем нускаларын жасоодо чеберлер шуру менен күмүш зымдын ар кандай жоон-ичке түрлөрүн эриш-аркак пайдаланышат. Мындай буюмдар кезегинде көп чыккан. Алар мурас катары этнографиялык, мамлекеттик тарых жана сүрөт музейлеринде арбын сакталууда.
      Бүгүнкү сөөк менен мүйүз чеберлери улуттук мүнөзгө эгедер бир көркөм үлгү түзүүдө оболу анын кейпин кагазга түшүрүп алышат. Ал үчүн сөөктүн, мүйүздүн ар кандай жумурусу тандалат. Азыр талапка ылайык жука сөөк-мүйүздөр өтүмдүү болот. Мындан бардык нерсени каалагандай жасап алууга болот. Сөөктөн азем буюмдардан сырткары бычак сап, ар кандай тээктер, балага шимек, топчу, седеп, ордо томпою өңдүүлөр кармалат да, аны жасоочу аспап-куралдары мүйүзчөлөрдүн аспап-куралдарынан айырмаланбайт.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Кимдир бирөө менен эзелтен, жеринен кас, ага башынан жылдызы каршы, мурдатан кеги бар. Түз кирип айткан кеби бар, Манаска сөөк өчтү болгон жери бар («Манас»). Эзелтен ак сөөктөргө кедей баласы сөөк өчтү да (Бектенов). 2. Өзүнүн төркүндөрү жактан келин алган учурда келин менен кайнененин ортосунда пайда болгон өчтүк мамилеге карата айтылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кимдир бирөө менен эзелтен, жеринен кас, ага башынан жылдызы каршы, мурдатан кеги бар. Түз кирип айткан кеби бар Манаска Сөөк өчтү болгон жери бар («Манас»). Эзелтен ак сөөктөргө кедей баласы сөөк өчтү да (Бектенов). 2. Өзүнүн төркүндөрү жактан келин алган учурда келин менен кайнененин ортосунда пайда болгон өчтүк мамилеге карата айтылат.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
сөөктөн кармалган азем буюм. Ал да кыз-келиндердин шөкөттөөчү буюм-тайымдарынын ичине кирет. Сөөк менен мүйүздөн мунун ички касиеттерин ачып берүүдө чеберлер ар бирин чеберчиликте узанууга жердик оң жолуна буруп турат. Аларга шык берип, ич ара чыгармачылыкка үндөйт. Натыйжада, алар кармаган асыл нускаларда бүгүн да салттуулуктун санжыралары көрүнөт. Сөйкө желбирөөчтү мүйүз менен сөөктөн бирдей кооздукта кармоого болот. Мында бул буюмдун жердигин уйдун шыйрак сөөгүнөн тандашат. Сөөктүн ортосу түтүкчө болот. Сөөктүн калыңдыгына жараша атайын механизм араасы аркылуу узунунан бөлүп алат. Анан буюмдун формасын кагазга же сөөктүн өзүнө
      түшүрүп, айрым ашык жерлерин чарыкка алдырып таштайт. Мында чийилген кагаз үлгү башкы мааниге ээ болот. Медициналык бор машинасын иштетүү керек. (Мунун көзөй жана кесе турган ийнеси бар. Ал учтуу да, тегерек да, жалпак да көрүнөт. Алар менен тешет, жол салат, оюм-чийим чыгарат). Врачтар кадимки тиш салгандай аракеттерди чеберлер да жүргүзүшөт. Мында сөөк буюмун жасоо менен тишти жасоо, иштетүү бирдей көрүнөт. Алар колдоно турган аспап-куралдарды чеберлер да жазбай колдоно алат.
      Буюм боло турган сөөктүн сырты сомдолот. Андан кийин майда сыйдалоо жүргүзүлөт. Ошондон кийин оюм-чийим түшүрүү аракеттери башталат. Кум кагазды колго алып, аны этиеттеп сыйдалоо керек. Сөйкөнүн темир, күмүш илмектери бириктирилип, ал жалтыратылат. Чеберлер жалтыратууда жана жылмалатууда тиш порошогун, борду, эң болбоду дегенде кол аачый турган үлпүлдөк кагазды колдонушат. Мында ошол мүйүздүн таарындыларын буюмду жылмалатууга кайра колдонулушу мүмкүн. Механизмдин жардамы менен мына ушундай ыкма аркылуу, чеберлер азем буюм-тайымдардын формаларын өзүлөрү каалагандай өзгөртүп кармоого чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү бар.