СӨӨК ӨЧТҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Кимдир бирөө менен эзелтен, жеринен кас, ага башынан жылдызы каршы, мурдатан кеги бар. Түз кирип айткан кеби бар, Манаска сөөк өчтү болгон жери бар («Манас»). Эзелтен ак сөөктөргө кедей баласы сөөк өчтү да (Бектенов). 2. Өзүнүн төркүндөрү жактан келин алган учурда келин менен кайнененин ортосунда пайда болгон өчтүк мамилеге карата айтылат.