СӨӨК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Омурткалуу жаныбарлардын, адамдын скелетинин бөлүктөрүн түзүүчү катуу зат. Топук кылбай этине, Сөөгүн өзү кемирген (Калмырза). Пилдин сөөгү. Кишинин сөөгү. Малдын сөөгү. 2. Айрым жемиштердин данегин каптаган катуу кабыгы. Өрүктүн сөөгү. Алчанын сөөгү. 3. Теги, негизи, тукуму. Сөөгү таза мал. Кыргыз жылкысы, сөөгү ушак болгон менен, чаалыкпас тукумдан (Сыдыкбеков). Айсалкын адамдын асылы, сөөгү таза жан («Ала-Тоо»). Сөөрүнө алтын жалаткан, Сөөгү таза агачтан (Дүйшеев). 4. Өлүк. Калтабай сөөктү үйүнө эки түнөттү, эки күнү конок күттү (Токомбаев). Егордун сөөгүн мүрзөгө койгондо Ашыр да катышты (Сасыкбаев). Көмүлбөгөн сөөгүң менен – Сен улуттун ар-намысын сактадың (Байгазиев). Сөз кылды не, сөз кылбады не пайда, Сөөгүм куруп, жер алдында калганда (Бегимкулова). 5. Кудалык жактан болгон тууганчылык, жакындык. Дос айрылат, сөөк кайрылат (макал). Сөөк болушуу. 6. Зергерчиликтин жердиги, көркөм буюмдарды кармоонун түбөлүктүү негизи.