этиш. Бир нерсе жөнүндө сөз кылуу, кеп салуу, сөз менен пикирин билдирүү, айтуу. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө (макал). Колуңдан келсе сүйлөй бил, Ушул баштан орусча (Токтогул).
говорить; "сөз" деп эле сүйлөй берет он болтает, он говорит, лишь бы говорить; жаман каап сүйлөйт, жакшы таап сүйлөйт погов. дурной говорит, кусая (как собака), хороший говорит дельно; лекция сүйлө- читать лекцию; оозунан сөз түшүп калчудай сүйлөйт, бат-бат сүйлөсө болбойбу! что он так тянет, едва роняя слова!; почему бы ему не говорить быстрее!; өз алдынча сүйлө- говорить без разрешення (напр. не попросив слова); говорить, не считаясь ни с кем и ни с чем; сөз сүйлө- произнести речь; чыгып сүйлө- выступить с речью; жарыш сөзгө чыгып сүйлө- выступить в прениях; жооп кайтарган сөз менен чыгып сүйлөдү он выступил с ответной речью; Фрунзеден сүйлөйбүз радио говорит Фрунзе (букв. мы говорим из Фрунзе); оозун толтура сүйлөйт он говорит громкие слова; кагып сүйлө- грубо одёргивать словами; сөзүн сүйлө- см.сөз.
Бир нерсе жөнүндө сөз кылуу, кеп салуу, сөз менен пикирин билдирүү, айтуу. Ойноп сүйлөсөң да ойлоп сүйлө (макал). Колуңдан келсе сүйлөй бил, Ушул баштан орусча (Токтогул). А көрөкчө сүйлөчү, пристанда эмнелер бар экен? (Жакиев).
Сөзлө (<сөз+ла) деген сөздүн ө тыбышы ү тыбышына, з тыбышы й тыбышына өтүп, сүйлө түрүнө келген. Казак тилинде аны сөйле дейт. Сөздө түрү «Манас» эпосунда жолугат. Кыргыз тилинде ө тыбышы ү тыбышына алмашып кетип, сүйлө деген этиштин сөз менен байланышы жок сыяктанып калган.
зат. Аякталган ойду билдирүүчү грамматикалык байланыштагы сөз же сөздөрдүн тизмеги. [Күмүш] кээде бир канча сүйлөмдү окуп алып, эрдин кыбыратып, аны кайталап жаткандай болот (Байтемиров). Жай сүйлөм. Суроолуу сүйлөм. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр.
Аякталган ойду билдирүүчү грамматикалык байланыштагы сөз же сөздөрдүн тизмеги. Күмүш кээде бир канча сүйлөмдү окуп алып, эрдин кыбыратып, аны кайталап жаткандай болот (Байтемиров). Жай сүйлөм. Суроолуу сүйлөм. Жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөр.
этиш.1. Өзүнчө эле кобурап сүйлөй берүү. Ары басып, бери басып сүйлөнөт, Бирдемени келтире албай күймөнөт (Шамшиев).
2. Жемелөө, жекирүү, ачуулануу. Көк дөө турду күүлөнүп, Күлайымга сүйлөнүп («Эр Төштүк»). [Салык] Базарбекке күпүлдөп сүйлөнүп жүрдү (Каимов).
возвр.-страд. отсүйлө- 1. говориться, сказываться, быть сказанным; сүйлөнбөгөн сөз калган жок было сказано всё (букв. несказанного слова не осталось); 2. журить, упрекать; говорить резко о чём-л.; ал мага аябай сүйлөндү он меня здорово пробрал; атчандардын бири Аманбайга сүйлөндү один из всадников упрекнул Аманбая; 3. говорить самому с собой; өзүнөн өзү сүйлөнө берди он говорил и говорил сам с собой; ачуусу келип, өзүнчө сүйлөндү да ары басты он обозлился, сам с собой заговорил и пошёл дальше.
1. Өзүнчө эле кобурап сүйлөй берүү. Ары басып, бери басып сүйлөнөт, Бирдемени келтире албай күймөнөт (Шамшиев). 2. Жемелөө, жекирүү, ачуулануу. Көк дөө турду күүлөнүп, Күлайымга сүйлөнүп («Эр Төштүк»). Салык Базарбекке күпүлдөп сүйлөнүп жүрдү (Каимов).
понуд. отсүйлөн-; ачуу келтирбей турган, сүйлөндүрбөй турган жорукпу?! разве это не возмутительный поступок?, разве это не поступок, заставляющий говорить с возмущением?!
понуд. отсуйлө- заставить говорить, просить рассказывать; Чынтемирдин мергенчилик кызык сөздөрүн сүйлөтүп, көпкө чейин олтурушту попросив рассказать интересные истории об охоте Чынтемира, они долго сидели; тамак жегенден кийин дагы сүйлөтүп, түндүн ортосу оогон кезде жатышты после еды они попросили ещё рассказывать и легли после полуночи; сүйлөтчү кызыл тилиңди а ну-ка, рассказывай (букв. заставь свой красный язык говорить); эч кимди сүйлөтпөй койду он никому не дал говорить, он всем зажал рот.
сүйлөш I и. д. отсүйлө- разговор, речь; Көкчөнүн кара сүйлөшүн, көргөзүп айткан күнөөсүн фольк. посмотри-ка, что говорит Кокче и что он выставляет виной; баатыр экен сүйлөшү говорить-то он (букв. его говорение) храбрец. сүйлөш- II взаимн. отсүйлө- говорить, разговаривать, беседовать; эми быйылкы айдалуучу аянтты сүйлөшөлү теперь давайте поговорим о площади, которая должна быть засеяна в этом году; узак сөздөр менен чыгып сүйлөштү они выступили с большими речами.
понуд. отсүйлөш- II; мен сени ээрчитип барып, акың жөнүндө сүйлөштүрүп коёюн я тебя поведу и дам тебе возможность поговорить о том, что тебе причитается.