Русско-кыргызский словарь Юдахина

Перевод

существительное мужского рода>м.
1. (назначение) - которуу (кызматта иштен экинчи ишке которуу);
2. (денежный) перевод;
получить перевод на двести рублей - эки жүз сом перевод алуу;
3. (на другой язык) - котормо (башка тилге);
4. разг. - (бесполезная трата) курулай сарыптоо, ысырап кылуу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАНК КОТОРМОСУ – 1) эсеп-кысап тариздеринин бири; ал бир банк тарабынан бир банктын дарегине жөнөтүлгөн төлөм тапшырыгынын, ошондой эле (өзгөчө банктар аралык келишим бар болсо) банк чектеринин же дагы башка төлөм документтеринин жардамы менен жүргүзүлөт. Төлөөчү банк алуучуга төлөм тапшырыгында көрсөтүлгөн сумманы өз эсебинен төлөйт, бирок төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү которгон банктан талап кылууга акылуу; 2) бир жактын (которуучунун) бир банкка дагы бир жактын (котормо алуучунун) пайдасы үчүн белгилүү бир сумманы төлөп берүү тапшырыгы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА КОТОРМОСУ – которумда көрсөтүлгөн жакка белгилүү бир сумманы төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү же телеграф аркылуу берилген тескеме-буйрук. А. к. менен кредит жана почта – телеграф мекемелери иштейт. А. к. алуучунун аты-жөнү, дареги көрсөтүлүү менен, которула турган сумманы тийиштүү мекемелерге которуу жолу аркылуу жүргүзүлөт.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАРЫЗ КОТОРУМУ – үчүнчү жактын (кредитордун же делегетарийдин) алдында бир жактын (баштапкы карызкордун же делеганттын) өз милдеттенмелерин аткаруу боюнча милдетин экинчи бир жакка (жаңы карызкорго же делегатка) берүүсү, ал эми үчүнчү жак мурдагы карызкордукунан кем эмес шарттагы милдеттенме менен алмаштырууга макул болот.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАПИТАЛ КОТОРУМУ – салым, зайым ж. б. инвестициялар боюнча аткарымдар, четөлкө валюталары жана алар чагылдырылган баалуу кагаздар боюнча баардык аткарымдар менен кошо алынганда, капиталды импорттоо жана экспорттоо.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БАШКА ТУРУКТУУ ИШКЕ КОТОРУЛУУ – иш-милдетин өзгөртүү же аракеттеги эмгек келишиминин шарттарын (ошол эле уюмдагы) өзгөртүү, демек, туруктуу иштөө үчүн башка уюмга же өз уюму менен бирдикте башка жерге которулуу. Жумуш берүүчүнүн демилгеси боюнча Б. т. и. к-га кызматкердин жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жол берилет.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)

СОТ КОТОРМОЧУСУ – КР процесстик мыйзамдарында каралган учурларда, сот тарабынан дайындалган жана тил менен котормо ишинде зарыл болчу нерселерди билген жак. Котормочу соттун чакыруусу боюнча келүүгө милдеттүү жана котормону толук, туура жана өз маалында жүргүзүүгө тийиш. Атайылап туура эмес которуп койгон учурларда, сот котормочусу КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.