переводчик судебный
Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)СОТ КОТОРМОЧУСУ – КР процесстик мыйзамдарында каралган учурларда, сот тарабынан дайындалган жана тил менен котормо ишинде зарыл болчу нерселерди билген жак. Котормочу соттун чакыруусу боюнча келүүгө милдеттүү жана котормону толук, туура жана өз маалында жүргүзүүгө тийиш. Атайылап туура эмес которуп койгон учурларда, сот котормочусу КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.