көчө I 1. то же, что оруздама; 2. южн.то же, чтокөжө (здесь местами приготовляется из сорго); кылдуу көчө, түктүү эт фольк. пшённый взвар с волосом, мясо с шерстью (о неряшливой хозяйке). көчө II ир. 1. улица; кан көчө уст. большая, главная улица; 2. южн. два ряда людей, обращённых лицами друг к другу, с проходом между рядами; эл көчө болуп турат народ стоит в два ряда; 3. южн. место сбора при игре в прятки.
зат. Калк отурукташкан жердеги эки жээгине катар-катар үйлөр салынып, ортосунан жол өткөрүлгөн узун тилке. .. Машина «Б» кыштагынын мелтиреген кең көчөсүн аралай берди (Сыдыкбеков).
КӨЧӨ ЖҮРҮШҮ – мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын, кызмат адамдарынын же жарандардын көңүлүн бурдуруу максатында, белгилүү бир багыт жана каттам менен жүрүш жасоо менен кандайдыр бир маселелерге өздөрүнүн каршы экендиктерин же алардын чечимдерин жана аракеттерин колдоолорун билдирүү үчүн адамдардын тобу тарабынан иштелген акция.
1. Калк отурукташкан жерлердин (шаардын, айыл-кыштактардын) эки жээгине катар-катар үйлөр салынып, ортосунан жол өткөрүлгөн узун тилкеси. Назаров туура көчө менен жогорулай басты (Убукеев). Кыздар ортоңку кең көчөгө өтүштү (Сыдыкбеков). 2. Үйдүн сырты, тыш жак, жалпы эле үйдөн сырткары болгон ачык жер. Көчөгө чыгуу. Көчөдө калуу.
КӨЧӨК — эпизоддук кейипкер, кыпчак баатыры. Араникте болгон согушта жекеге чыгып, каңгайдын Талап балбаны менен бетешип, анын күрсүсүнө такат кыла албай өлүм болот (Курама вариант, 1. 117).
КӨЧӨР — эпизоддук кейипкер, кыргыз баатыры. Кыяс Айчүрөктү олжологону келгенде Бөлөкбайдын уулу Акжолтой менен кошо Айчүрөктүн капкасын коргоп курман болот (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 334).
тот, кто решил откочевать, отделиться от своего рода навсегда и переселиться в другое место; көчөрмөн болсо, журтту жамандайт погов. кто решил переселиться, тот порочит людей (с которыми жил).
1. саженец, рассада;
тамеки көчөтү табачная рассада;
помидордун көчөтү помидорная рассада;
өрүк көчөтторү саженцы урюка; 2. тканый орнамент;
килем көчөт ковровый орнамент;
кылайып өңү солбогон алтын көчөт чоң килем фольк. большой ковёр с золотым орнаментом, цвет которого ничуть не поблёк; 3. этн. знахарский способ лечения заклинаниями.
зат.1. Кийин көчүрүп тигиш үчүн питомникте же башка ылайыкталган жайда уругунан же болбосо чырпыктарынан көөмп өндүрүлгөн жаш өсүмдүк. Алманын көчөтү. Капустанын көчөтү.
2. Нерсенин бетине кооздолуп түшүрүлгөн оймо-чийме, түр, сайма. Түрлүү көчөт гүлү бар, Килеми сонун кыргыздын (Барпы).
3. Бирөөнүн оорусун башка бир нерсеге (ташка ж. б.) дубалап көчүрүп, аны алыс алып барып таштоо менен оору киши айыгат деген түшүнүк боюнча дарымдоо жолу.
бири-бирине окшошпогон эки-үч элементтин айкалышынан турган түрдүн, сөлөкөттүн, көркөмдүктүн жердикке ирети менен алмашылып берилиши. Көчөт килемчиликтин, саймачылыктын, өрмөкчүлүктүн, чырмакчылыктын, негизги көркөм каражаты болуп саналат. Көчөт көчүрүү алмак-салмак орун алмаштыруу деген түшүнүктү берет. Ал аркылуу бир бүтүм орду түшүүгө мүмкүн. Чыгаан саймачылар, өрмөкчүлөр, килемчилер, чырмакчылар мунун ички сырларын мыкты чечмелей алышат. Көркөм көчөттөрдө жашоо-турмуш, кесипчилик, жаратылыш жана айбанаттар дүйнөсү элестелип турат.
1. Көчүрүп тигүүгө ылайыктап, питомникте же башка жайда өндүрүлгөн жаш өсүмдүк (дарак, бадал же жашылча өсүмдүгү). Өрүктүн көчөтү. Талдын көчөтү. Капустанын көчөтү. Көчөт отургузуу. Көчөт өндүрүү. 2. Бир нерсенин бетине кооздолуп түшүрүлгөн оймо-чийме, түр, сайма. Килем көчөт келтирип, Чырмап салган чийине (Тоголок Молдо). Алтын көчөт чоң килем, Чылк жибектен токулган («Манас»).
этн. Бирөөнүн оорусун башка бир нерсеге (ташка ж. б.) дубалап көчүрүп, аны алыс алып барып таштоо менен оору киши айыгат деген түшүнүккө байланыштуу ырым-жырым кылуу, дарылоо.
этиш.1. Көчөт тигүү, көчөттөрдү бир жерден экинчи жерге көчүрүү. Көчө салган айылга Көчөттөп тиккен тал кызык (Осмонкул).
2. Оймо-чийсе түшүрүү, саймалоо, түрдөө.
1. Көчөт тигүү, көчөттөрдү бир жерден, экинчи жерге көчүрүү. Көчө салган айылга Көчөттөп тиккен тал кызык (Осмонкул). 2. Оймо-чийме түшүрүү, саймалоо, түрдөө.
сын.1. Көчүрүлө турган көчөттөрү бар, көчөтү көп.
2. Оймо-чиймелүү, саймалуу, түр, көчөт салынган. Тушунда көчөттүү сонун килем тартылып туруучу (Сыдыкбеков).
Көчөт салып түрдөлгөн, оймо-чиймелүү, саймалуу. Тушунда көчөттүү сонун килем тартылып туруучу (Сыдыкбеков). Түрлүү-түрлүү көчөттүү Шырдак сатты, кайран эл («Жазгыч акындар»).