1. мерлушка, курпейка;
кара көрпө тебетей шапка из чёрной мерлушки;
көрпө карма- отделывать (одежду) мерлушкой, курпейкой;
туяк көрпө- тяньш. мерлушка ягнёнка-недоноска;
2. (точнее төр көрпө или жер көрпө) узенькое одеяло (употребляется как подстилка, когда сидят на полу);
3. южн. то же, что жууркан;
4. молодая люцерна, только что покрывшая землю;
ак көрпө жайыл, аты элге дайын (о женщине) положительная, умная, авторитетная.
зат. 1. Козунун, улактын тармал жүндүү териси.
Көрпөдөн ичик кылайын, Көбөсүн макмал кынайын (Токтогул).
Атама бир көрпөнү бекер берип.. койсо эмне болот (Жантөшев).
- 2. Ичке төшөк.
- 3. диал. Жууркан-төшөк.
¨
Көрпө беде — өсүп жетиле элек жаш беде.
Көрпө бедеге ат чалдырып алууга токтоп калдык («САЖИ»).
көрпө (козунун)
көрпө беде (жаш беде)
көрпө таануу (а. ч.)
Араб тилинде харуф сөзү «козу» деген маани берет (АРС, 274). Кыргыз тилине арабча харуф сөзү кабыл алынганда ал мурдатан бери колдонулуп келе жаткан козу сөзүн сүрүп сала алган эмес. Бирок ал «козунун териси» деген маани туюнтуу үчүн пайдаланылган. Ал эми харуф сөзүнүн көптүк сандагы формасы болгон хирфан сөзү кыргыз тилине күрпөң болуп кабыл алынган. Күрпөң деп «союуга жарап калган козуну» айтат.
1. Козунун, улактын тармал жүндүү териси. Кычан көрпө тумагын чекчейтип, жогору байланып алган (Бейшеналиев). Көрпөдөн ичик кылайын, Көбөөсүн макмал кынайын (Токтогул). 2. Алдыга салынуучу ичке төшөк (көбүнчө төр көрпө же жер көрпө болуп айтылат). 3. диал. Жууркан-төшөк. Дарбаза ачылган кезде көрпө-төшөктөрдүн, кийиз-килемдердин жайылуу турганы көрүндү (Абдукаримов).
Өсүп жетиле элек жаш беде. Көрпө бедеге ат чалдырып алууга токтоп калдык («Ала-Тоо»).
(о люцерне) только-только начать зеленеть, покрывая землю;
беде көрпөлөнүп, бардыгы жапжаш, бардыгы жашыл люцерна покрывает землю, всё зелено, всё молодо;
жаңыдан көрпөлөнүп келаткан беде люцерна, только-только начавшая покрывать землю.
Көрпө сыяктануу, көрпө болуу (бедеге карата айтылат). Көрпөлөнүп келе жаткан беде.
узкое одеяльце на седло (вместо подушки).
зат. Ээрдин үстүнө салып тартыла турган кичине төшөк. Кара булгаары тыштаган анжыян ээрге кара баркыт көрпөчө салынган (Байтемиров).
1. Ээрдин үстүнө салып, басмайыл менен тартылуучу кичине төшөк. Кара булгаары тыштаган анжыян ээрге кара баркыт көрпөчө салынган (Байтемиров). 2. Алдыга салынуучу ичке төшөк. Болот миң башы шайы көрпөчөнүн үстүндө олтурган (Абдукаримов). Аваңа тетиги көрпөчөнү салып кой.