Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир жерге байыр алып турбоо, турук албоо, ар кайсы жерде көчүп жүрө берүү. Же ырайы келбеген, күлү додо болбогон, ынтымаксыз, тойбогон токур элденби? (Касымбеков). Кечеги күлү додо болбогон өмүрдү сапырып келип: – Белине кылыч байланып Абаңдын Барбаган жери калбаган, – дейт (Көчкөнов). Күлү додо болбой араздашып, өз бетинче кеткен ата-эне сөрөй ушу тирүүлөй жетимди ойлойт дейсиңби? (Айтматов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир жерге байыр алып турбоо, турук албоо, ар кайсы жерде көчүп жүрө берүү. Же ырайы келбеген, кулү додо болбогон, ынтымаксыз, тойбогон токур элденби? (Касымбеков). Кечеги күлү додо болбогон өмүрдү сапырып келип: Белине кылыч байланып Абаңдын Барбаган жери калбаган, - дейт (Көчкөнов). Күлү додо болбой араздашып, өз бетинче кеткен ата-эне сөрөй ушу тирүүлөй жетимди ойлойт дейсиңби? (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Тегинде каршы, ою түз эмес, пикирлери келишпеген. Курманжан бүбү күлү жоо күндөштөрдүн көңүлүн жайгарып, чиренген бек эринин купулуна толуп, акыры ага акылчы, айлына башчы болууга татып кетти (Касымбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. скакун, скаковая лошадь, бегунец;
бөлүнүп чыгып келатса, күлүктүн көркү чаңында фольк. красота скакуна, когда он вырывается вперёд, в его пыли (которую он поднимает быстрым бегом);
ит күлүгүн түлкү сүйбөйт погов. быстроногую собаку лисица не любит;
дүйнөдө эмне күлүк? загадка что (самое) быстроходное в мире? (отгадка ой мысль);
жөө күлүк (о человеке) бегун (букв. пеший скакун);
мээси жок күлүк выдающийся скакун;
күлүк чап- участвовать в конских скачках;
күлүк чаптыр- пускать своего коня на скачки;
күлүк байла- готовить (скаковую) лошадь к скачкам;
2. перен. мечевидный отросток (у овцы, козы);
коо бузган күлүк см. коо.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Катуу жүгүргүч, тез чуркагыч, катуу жүгүрүшү, чуркашы боюнча башкалардан айырмаланган. Күлүк атын атамдын Сурап келгин, кырк жигит («Курманбек»). Кеп көтөрбөй жакшы болбойт, Тер көтөрбөй күлүк болбойт (макал). Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт (макал).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Мыкты жүгүргөн, жүрүшү, чуркаганы тез, ылдам. Күлүк атын атамдын Сурап келгин, кырк жигит («Курманбек»). Мүйүздөрүн алты кайрып орогон Тайган жетпес күлүк теке, кулжа бар (Осмонкул). Демейде кибиреген тумсак Керез күлүк Кычанга да караандатпай жөнөдү (Бейшеналиев). Күчтүү күлүк от араба Алга карай зыркырайт (Токомбаев). || Катуу жүгүргөн, күлүктүгү жагынан таанымал болгон жылкы. Күлүк күнүндө, тулпар тушунда (макал). Күрпөң-күрпөң жүгүртүп, Күлүктү минсең бир кызык (Токтогул). Бөлүнүп чыгып келатса, Күлүктүн көркү чаңында («Мендирман»). Күлүк кетсе из калар, Күлдү журтта сөз калар (Калмырза). Таң-тамаша башталды, Күлүктөр тандап чабылып (Шүкүрбеков). Күлүк келет төрт аягы соруп жер, Күү-шаа түшөт тогуз балда согуп жел (Кулумбаев).2. Тынбай удургуй берген, тез-тез өзгөрүлүп турган, учкул. Көпчүлүк кызый-кызый сөзгө кирип, Күлүк ой барган сайын өзгөрүлүп (Осмонкул). Десеңчи чиркин санаа кандай күлүк (Турусбеков). 3. Алдыда, алдыңкы катарда экендигин, мыктылыгын, башкалардан өзгөчөлүгүн билдирүүчү эпитет катарында колдонулат. Мен кыргызмын, жигитмин, Байгеде чыккан күлүкмүн (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Тез чуркоочулук, тез жугүрүүчүлүк. Күлүктүктүн белгисиЖер тандабай жүгүрөт (Токтогул). Атка жеңил, тайга чак Күлүктүгү бар экен («Эр Төштүк»).
  1. 2.                  өт. Ырдаганда токтолбой шар кетүүчүлүк, төгүп ырдоочулук. Күлүктүгүм карматсам, Жарышмакка кандайсың (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тез жүгүргөндүк, ылдамдык, күлүк жылкыга же башка айбандарга, транспорттун түрлөрүнө ж. б. таандык касиет, сапат. Күлүктүктүн белгиси – Жер тандабай жүгүрөт (Токтогул). 2. өт. Ырдаганда, сүйлөгөндө ж. б. токтолбой шар кетүүчүлүк. Күлүктүгүм карматсам, Жарышмакка кандайсың (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Күлүүгө жакындаган мүнөздө, жайдары, жылмайыңкы көрүнүштө болуу. [Мамбетовдун] эриндери күлүмсүрөп, суйдаң каштары жазыла түштү (Бейшеналиев). Яша кубангандай күлүмсүрөп ордунан турду (Жантөшев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
улыбаться;
эр өлүмгө күлүмсүрөп барат погов. молодец на смерть идёт улыбаясь (т.е. без страха);
күлүмсүрөй карады он посмотрел с улыбкой;
сол жакы уурту менен күлүмсүрөп койду он усмехнулся левым углом рта.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күлө багып жылмаюу, күлүңдөгөн, жылмайыңкы тарткан көрүнүштө болуу. Бактыяр күлүмсүрөп, Алтын эжеге карады. Алда эмнеге кубангансып, Сабийра күлүмсүрөп сүйлөдү (Сыдыкбеков). 2. өт. Жадырап-жайнаган жаркын, кубанычтуу көрүнүштө болуу. Көчөнү бүт гүл басты, Күлүмсүрөп таң атты (Токобаев). Гүлнур сүрөткө дайым күлүмсүрөп түшөт.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
: күлүмчү жыттануу — жагымсыз, жаман жыттануу; жылуу абага бүксүгөн, ачыган нерсенин жыты кошулгандагыдай жыт чыгуу. Механикалык цехтин ичинде.. күлүмчү жыттанып турат («Кыргызстан аялдары»). Бир гана айырмасы тоо жели таптаза, салкын бул болсо күлүмчүрөөк жыттанат (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таш талканын чыгаруу, кыйратуу, эч нерсесин калтырбай жок кылуу. Тээ байыркы Хазар деңизинен тартып Кытай-Чекке чейин созулган төө түгүндөй түрктүн даңкка бөлөнгөн калааларынын күлү көккө сапырылып, эрендеринин ат бутуна тепселип, көрбөгөнү көр болгонун саймедиреди (Көчкөнов). В.: Күлүн асманга сапыруу. Басмачылардын кайсы жерлерде экенин айттырып алышып, душмандын күлүн асманга сапырышты (Сасыкбаев). Күлүңдү асманга сапырайынбы! Жогол экөөң тең! (Осмоналиев). Күлүн сапыруу. Күүлөнүп кызыл баатырлар, Душмандын күлүн сапырды (Осмонкул). Кайраттуу күндө балдарым, Канкордун күлүн сапыргын (Тоголок Молдо). – Уктуңбу!... Күлүн сапырып таштайм! (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Таш талканын чыгаруу, кыйратуу, эч нерсесин калтырбай жок кылуу. Багыңды ачып малайлар, Ленин тапты акылды Эл жегичти жоготуп, Күлүн көккө сапырды (Токтогул). Тээ байыркы Хазар деңизинен тартып Кытай-Чекке чейин созулган төө түгүндөй түрктүн даңкка бөлөнгөн калааларынын кулү көккө сапырылып, эрендеринин ат бутуна тепселип, көрбөгөнү көр болгонун саймедиреди (Көчкөнов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ынтымакташып, биргелешип чогуу оокат кылуу, тиричилик өткөрүү, ынтымагы бузулбоо. Алыбай уулу илгертен бери күлүн чогуу төккөн эл эмеспи («Ала-Тоо»). В.: Күлүн бир жерге төгүү. Төлөк уругу күлүн бир жерге төгүп, ынтымактуу эл болушту («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от күлүңдө-;
өңүн күлүңдөтө с весёлым, улыбающимся лицом;
жумшак баскан келиндин элпек козголушу үй ичин күлүндөткөндөй мягкая поступь и расторопные движения молодухи как бы наполняли комнату весельем;
көздорүн ууру күлүндөтүп с вороватой усмешкой в глазах.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. редко, то же, что гүлүстөн цветник;
балалуу үй - күлүстөн, баласыз үй - көрүстөн погов. дом с детьми - цветник, дом без детей - кладбище;
2. перен. жизнерадостный;
3. так обычно называют женщины покойника, оплакивая его.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. сейр. Гүл өстүрүлгөн жер. Балалуу үй – күлүстөн (макал). 2. Шат көңүл, шартылдаган жайдары адамдардын эпитети катарында колдонулат. Күлүстөнү Күлчоро Жетелеп жүрөт дебейби («Сейтек»). Күлүстөн абам барында, Күлчоро билсин дечү элем («Сейтек»). 3. күлүс менен бирдей. Күмүш айдар, чок белбоо, Күлүстөн жалгыз көзүңдү ач («Эл адабияты»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КҮЛҮШАА — топоним. Кыргыздар мекендеген жерлердин бири. Шоорук кан менен болгон урушта эскерилет. Географиялык реалияда Алай кырка тоолорунун чыгышындагы бийик тоолуу Гүлчө өрөөнү.