этиш.1. Кызыл түскө кирүү, кызыл түскө өтүү, кызыл түс пайда болуу; канталап же кан жүгүрүп чыгуу. Спираль заматта кадимкисиндей кызарып чыкты (Бейшеналиев). Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Малиновскийдин болук бети кулагынан бери кызарып чыкты (Сасыкбаев).
2. өт. Уялган, кысылган абалда болуу. Мыскал эчтеке айта албай, кызарып кетти (Сыдыкбеков). Динар... бир аз кызарып кошо күлдү (Сыдыкбеков).
♦ Көзүкызаруу — кызыгуу, көңүлү түшүү; абдан эңсөө, чыдамсыздык менен күтүү. Азыркы.. челекчи Афанас бүйрө адам го. Алма-өрүгүн көрсөк, көзүбүз кызаруучу (Сыдыкбеков). Элимден кабар келсе деп, Эки көзүм кызарды (Токтогул). Кызарып-татаруу — абдан ачуусу келгенде же күч келгенде буулуга тартып кызарып кетүү. Чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы менен [ Сапар челекти].. жерден үзө албады (Бейшеналиев).
краснеть; күн кызарып чыкканда когда солнце, краснея, взойдёт; бир бузулуп, бир кызарып то бледнея, то краснея (о лице - от злобы или боли); токочтой кызарды он покраснел как кумач (букв. как хлеб; см.токоч); чыйкандай кыпкызыл красный как рак (букв. как чирей); кулагына чейин кызарды он покраснел до корней волос; кызарып, жан бер- быть убитым (букв. окровавившись, отдать душу); кызарган жер место, где режут скот (букв. покрасневшее место); кызарган жерден кыя өтпөс сугалак он такой обжора, что не пройдёт мимо места, где режут скот (и где можно поесть мяса).
«Кызыл түскө келүү» маанисин билдирген кызар этиши кыз+ар бөлүктөрүнөн турат. Мындагы кыз уңгусу – байыркы заманда азыркы кызыл сөзүнүн маанисин берген. Ошол кезде ага этиш жасоочу -ар мүчөсү жалганып пайда болгон кызар этиши алигиче сакталып калган. Бирок кыз уңгусу өзүнчө турганда «кызыл» маанисин бере албай турган абалга келген. Азыркы агар, көгөр, бозор сыяктуу учурда -ар мүчөсү сын атоочтон этиш жасоочу мүчө экени даана көрүнөт. Ошол -ар мүчө байыркы мезгилдр кыз сөзүнө уланып, азыркы кызар этишин уюштурган.
1. Кызыл түскө кирүү, кызыл түскө өтүү, кызыл түс пайда болуу, канталап чыгуу. Спираль заматта кадимкисиндей кызарып чыкты (Бейшеналиев). Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Жылуу бөлмөгө кирип, ысык чай ууртаган Мырзагүл эженин бети кызарып чыкты. 2. өт. Уялган, кысылган абалда болуу. Мыскал эчтеке айта албай, кызарып кетти (Сыдыкбеков). Динар бир аз кызарып кошо күлдү (Сыдыкбеков).
понуд. откызар- 1. доводить до красноты; окрашивать, красить в красный цвет; 2. перен. резать скот в большом количестве; карартып калың алып, кызартып той жеймин фольк. я получу большой калым (скотом) и буду резать скот без числа; бетибизди кызартты он нас в краску вогнал (осрамил); кызартып жан ал- убить (букв. окрасив, взять душу).
КЫЗАРТ — топоним. Сагымбай Орозбаков варианты боюнча кыргыздар Алтайдан көчүп келаткан жолдо калмак кандыктарынан Ала-Тоону бошоткондо: «Абалкы аты Ара-Бел Кыяматтын журтуна Кызарт аттуу бел болду» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 561-б.),— деп калмактын Катыраң аяр кызы кыргыз колун апсун окуп сыйкырлап, алакетке салат, аягында жеңилип, өзү өлөт. Ошол кыздан улам К. аталган имиш. Географиялык реалияда Ала-Тоодогу Жумгал менен Кочкор райондорунун ортосундагы ашуу, тоо, суу. КЫЗКАРА — Алмамбеттин келишине арнап Манас ага тартуулаган күлүктөрдөн (Сагымбай Орозбаков, 2. 318).
Абдан ачуусу келгенде же күч келгенде буулуга тартып кызарып кетүү. Чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы менен Сапар челекти жерден үзө албады (Бейшеналиев).