Киргизско-русский словарь Юдахина
коюн I
(койну, койнуң, койнум и т.д.)
1. пазуха; место между грудью и сложенными на груди руками;
акчаны койнуна салып алды он положил деньги себе за пазуху;
койнуңан төгүлсө, кончуңа погов. если из твоей пазухи просыпалось, то в твоё (же) голенище (у тебя же или у твоих близких останется);
2. объятия;
койнумда жаткан бала ребёнок, который спит со мной (букв. который лежит в моих объятиях);
баласын койнуна алып жатат своего ребёнка она кладёт спать с собой;
коюнга салар этн. один из добрачных эпизодов посещения женихом невесты: родственницы невесты приводили её к жениху в специально поставленную юрту и оставляли там на ночь;
3. (в народной астрономии) время, когда Плеяды (см. Yркөр) и луна, сближаясь, минуют друг друга;
койнуна котур таш катып жүрөт он держит камень за пазухой;
жашы кимдин койнуна? кто повинен в её слезах?
ысык жаш койнума толот я заливаюсь горючими слезами;
башыңды койнуңа катып калдың ты (от стыда) голову опустил;
ич-койнуна кир- или коюн-колтугуна кир- влезть кому-л. в душу, втереться кому-л. в доверие;
коюн-колтугуна кирип алды он втёрся к нему в доверие;
коюн-колтук алыш-
1) обниматься (перекинув правую руку через плечо, а левую пропустив под мышку друг другу);
2) бороться (хватая друг друга правой рукой через плечо, а левой - под мышку);
кубанычым койнума батпайт (я) вне себя от радости;
коюн-кончу акчага толуп кеткен или коюн-кончунун баары эле акча у него полным-полно денег;
кара коюн название игры.
коюн- II
южн. возвр. от кой- II.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын көкүрөк, колтук жагы, кийим менен дененин арасы. Отунчу бөдөнөнү койнуна катып үйүнө кетиптир (Сыдыкбеков). Айнысахан түйүнчөктү койнуна катты (Жантөшев).
  1. 2.                  Адам жаткан төшөктүн ичи. Акылай баласын койнуна алып жатты («Ала-Тоо»).
  2. 3.                  Арасы, ичи (мейкиндик, орун жөнүндө). Суусамырдын кең коюну миллиондогон мал болсо да кенен батырчудай (Байтемиров). Жаркырап жердин койнунан, Жайнап чыккан аккан суу (Барпы).

¨ Коюн-колтук алышуу к. колтук.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын көкүрөк, колтук жагы, кийим менен дененин арасы. Улан коюн чөнтөгүнө эки жүзүн салды (Бейшеналиев). Айнысахан түйүнчөктү койнуна катты (Жантөшев). Киргил суу толуп койнуна, Кийими оордоп чыланды (Бөкөнбаев). 2. Адам жаткан төшөктүн ичи. Акылай баласын койнуна алып жатты («Ала-Тоо»). 3. Арасы, ичи (мейкиндик, орун жөнүндө), камтыган кучагы. Суусамырдын кең коюну миллиондогон мал болсо да кенен батырчудай (Байтемиров). Темир жол Ала-Тоонун койнун ачты (Турусбеков). Мекеним – тоо койнунда толгон шахты (Маликов). Жер бети түн койнунда салбарыңкы, Эрки жок адамзатка багынгандай (Токомбаев). 4. Үркөр менен Ай бири-бирине жакындап келген учур.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бири-бирине абдан жакын, ысык, ынак болуу, достошуу, өтө жакын ынтымактуу, таттуу болуу. Букарбай Байымбетке коюн-колтук алыша удаа оргуй, кеперестей ымалалашкан соң, жаканы карай аттанышты (Бейшеналиев). Өзү ачык-айрым, киши менен бат эле коюн-колтук алышып кетчүлөрдөн болот (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күрөшкөндө, кучакташканда бир колду экинчи кишинин колунун астынан, экинчи колун сыртынан алып кучактоо же курдан кармоо. Балбандар коюн-колтук алышып таймашып, бирин-бири ала албай жатышты («Кыргызстан маданияты»). Үчөө тең коюн-колтук алышып, кыса кучакташып көрүштү (Абдукаримов). 2. Бири-бирине абдан жакын, ысык, ынак болуу, достошуу, өтө жакын ынтымактуу, таттуу болуу. Букарбай Байымбетке коюн-колтук алыша удаа өргүй, кеперестей ымалалашкан соң жаканы карай аттанышты (Бейшеналиев). Өзү ачык-айрым, киши менен бат эле коюн-колтук алышып кетчүлөрдөн болот (Абдукаимов). Коюн-колтук алышып бир жүргөн Жумага айтып түшүндүрүү жеңил болуш керек («Ала-Тоо»).