КОЮН-КОЛТУК АЛЫШУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бири-бирине абдан жакын, ысык, ынак болуу, достошуу, өтө жакын ынтымактуу, таттуу болуу. Букарбай Байымбетке коюн-колтук алыша удаа оргуй, кеперестей ымалалашкан соң, жаканы карай аттанышты (Бейшеналиев). Өзү ачык-айрым, киши менен бат эле коюн-колтук алышып кетчүлөрдөн болот (Абдукаимов).