коюн
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Адамдын көкүрөк, колтук жагы, кийим менен дененин арасы. Отунчу бөдөнөнү койнуна катып үйүнө кетиптир (Сыдыкбеков). Айнысахан түйүнчөктү койнуна катты (Жантөшев).
¨ Коюн-колтук алышуу к. колтук.
- 2. Адам жаткан төшөктүн ичи. Акылай баласын койнуна алып жатты («Ала-Тоо»).
- 3. Арасы, ичи (мейкиндик, орун жөнүндө). Суусамырдын кең коюну миллиондогон мал болсо да кенен батырчудай (Байтемиров). Жаркырап жердин койнунан, Жайнап чыккан аккан суу (Барпы).
¨ Коюн-колтук алышуу к. колтук.