co-authoring (noun)
A process by which multiple authors edit a shared document simultaneously, or collaborate effectively even when they are not online at the same time.
КОШ-АРАЛ — топоним. Көкөтөйдүн ашында байгеге чапкан күлүктөр К.-А-дын бою аркылуу келе жаткандыгы айтылат. Географиялык реалияда Казакстандын түштүк-чыгышындагы жер.
КОШ-АРТЫШ — топоним. Көкөтөйдүн ашында кекенип калган кандар Манаска каршы кутум уюштуруп, убадалашканда айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 13). Географиялык реалияда Кашкар аймагындагы кыргыз жери.
КОШ-АШУУ — топоним. Эпостун «Семетей» бөлүмүндө: «Кош Кара-Көл, Кош-Ашуу Кошуң менен эсен бол» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 24),— деп Каныкей Таластан Букарга качып кетеринде өзү жашап жүргөн жер катары эскерет.
КОШ-ДӨБӨ — топоним. Коңурбай Бокмурундан Мааникерди өкүм менен сураганда Манас ачуусу келип чабуул койгондо, Коңурбай коркконунан тартуу тартып кутулган жер (Сагымбай Орозбаков, 3. 143). Географиялык реалияда Каркыра өрөөнүндөгү жер.
КОШ-КӨЛ — топоним. Көкөтөйдүн ашында чапкан аттар басып өткөн жерлердин бири. Географиялык реалияда Казакстандын түштүк-чыгышындагы жерлердин бири.
КОШ-САЛАА — топоним. Кытай манжулардын жери. Алмамбет менен Сыргак Бээжинди бет алып чалгынга бара жатканда:
Тетиги дүмпүйүп түздө көрүнгөн,
Кош-Салаа деген жер ошол.
Кебез белбоо, кең өтүк,
Кечилдин каны Коңурбай
Бекитип жаткан бел ошол,
Манас (Саякбай Каралаев, 2. 101),
— деп Алмамбет бүткүл кытайдын жоо өткүс, ишенимдүү бели экенин Манаска айтат.