кордо I рисовая похлёбка (на воде или приправленная молоком); таш кордо 1) сосуд из конской кожи для варки пищи при помощи бросания в него раскалённых камней (использовался во время военных походов); суу боюнда таш кордодо эт бышып жатат на берегу речки варится мясо в таш кордо; 2) пища, сваренная при помощи бросания в сосуд раскалённых камней; 3) выпотрошенная, но не освежёванная от шкуры овечья или козья туша, зажаренная целиком путём бросания в нее раскалённых камней. кордо- II относиться с пренебрежением, позорить, оскорблять, поносить. кордо- III подмолаживать (бузу, кумыс).
I зат. диал. Айран катыкталып, күрүчтөн жасалган сорпо же күрүч көжө.
¨ Ташкордо — жаңы союлган койдун, эчкинин, кийиктердин өзүнүн карынына же көөдөнүнө салып туюктап, катуу ысытылган майда таштарга, корго көөмп бышырылган эт. Силерге таш кордо бышырып берейин деп, мергенчи сулап жаткан текени союуга камынды (Жантөшев).
КОРДОII этиш. Кемсинтүү, шылдыңдоо, ызалоо. Жабыгып жүргөн жигитти, Жакырсың деп кордобо (Токтогул). Эр болсоң кордогонго терикпегин, Кур алдап мактаганга жээликпегин (Маликов). Тишти кордосоң, сөзгө зыян (макал).
КОРДОIII этиш. Колго даярдалган ачкылды (көбүнчө бозону) күчүнө келгиче кармап, улам жаңыртып, көрөңгөсүн көбөйтүп отуруп ачытуу. Кордоп бозо салдыруу.
Кемтигин, айыбын же башка жактарын айтып кемсинтүү, шылдыңдоо, ызалоо. Кордогон сөзгө Саматтын жүрөгү ого бетер куйкаланды (Сасыкбаев). Жабыгып жүрсө жигитти Жакырсың деп кордобо (Токтогул).
КОРДОЙ — топоним. Кыргыздар жана ага жамаатташ элдер жашаган жер катары эпосто көп эскерилет. Географиялык реалияда Чүй жана Иле дарыяларынын аралыгындагы бөксө тоолор.
кордол- I страд. откордо- II подвергаться унижениям, оскорблениям. кордол- II страд. откордо- III накапливаться, собираться; аскер катарынан жаңы келип, чарбасы кордоло элек он только что прибыл (демобилизовавшись) из рядов армии, хозяйство у него ещё мало (букв. не накопилось).
и. д. откордо- II 1. пренебрежение; оскорбление, поношение; 2. особый вид песни в фольклоре, содержанием которой является осмеяние противника или его покровителя.
КОРДОО – кылмыш-жаза укугунда: 1) жоопкерчиликти оордотуучу жагдайлардын бири; 2) атайылап денсоолукка азыраак залал келтирилген учурда жиктеле турган жагдай; 3) бейбаштыктын белгиси катары жиктелүүчү жагдай; 4) көрсөтмө берүүгө мажбурлоо катары жиктеле турган жагдай; 5) бири-бирине баш ийбеген аскер кызматкерлеринин ортосундагы өзара мамилелеринин уставдык эрежелерин бузгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу белгилеринин бири.