Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөзгө калтыруу, уят кылуу, жаман абалга жеткирүү. Бирин-бири кепке жыгууга, кийинки муундарга кулкү кылууга өтүшөт (Осмоналиев). Манаттын кытмыр жоругун ачуу менен, баамдай албаган шордуу мергенчи Адыкени жүйөөлүү кепке жыгам менен чечен тилге салып маселдете берди (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Сөзгө калтыруу, уят кылуу, жаман абалга жеткирүү. Бирин-бири кепке жыгууга, кийинки муундарга күлкү кылууга өтүшөт (Осмоналиев). Манаттын кытмыр жоругун ачуу менен, баамдай албаган шордуу мергенчи Адыкени жүйөөлүү кепке жыгам менен... чечен тилге салып маселдете берди (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сөзгө сынуу, абдан уят болуу, сөз кайыра албай жаман абалда калуу. Меймандын атын сойгон да болмок беле Таке? Кепке кемтик болуп калабыз, Таке..., – деп ийгермекчи болду (Касымбеков). В.: Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуу. Бугулук элдин ар кимиси өлгөн ата-бабасынын күмбөзүнө бугунун мүйүзүн орнотууну урмат эсептеп, орнотпосо кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болот (Айтматов). Кой, кийин кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болосуң (Абакиров). Ушул кепти угуп Адамкул өзүн кепке кемтик, сөзгө сөлтүк сыяктуу сезип олтурду (Алыбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Уят кылуу, сөзгө сындыруу, жаман абалга калтыруу, шагын сындыруу. Тил алып кой балам, кепке кемтик кыласың («Ала-Тоо»). Башка элдин алдында булардын шагын сындырчу, кепке кемтик кылып, уятка калтырчу жорук (Сыдыкбеков). В.: Кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылуу. Сизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып жүрөт (Абакиров). Жөн жаткан элдин ичине бүлүк салып, илгери-кийин эл арасында бизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыларлык жорук жасашкандар ушулар (Медетов). В.: Кепке сындыруу. Батыйна өзүн кордогон кызды кепке сындыргысы келет (Сыдыкбеков). Аны айыл аксакалдары кепке сындырып, бир чети ага өкүмдүк көрсөтүп, тентекти теске салып коюшмак (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Уят кылуу, сөзгө сындыруу, жаман абалга калтыруу, шагын сындыруу. Тил алып кой балам, кепке кемтик кыласын. («Ала-Тоо»). Башка элдин алдында булардын шагын сындырчу, кепке кемтик кылып, уятка калтырчу жорук (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КЕПКЕ КЕМТИК БОЛУУ Бугулук элдин ар кимиси өлгөн ата-бабасынын күмбөзүнө бугунун мүйүзүн орнотууну урмат эсептеп, орнотпосо кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болот (Айтматов). Кой, кийин кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болосуң (Абакиров). Ушул кепти угуп Адамкул өзүн кепке кемтик, сөзгө сөлтүк сыяктуу сезип олтурду (Мидин Алыбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КЕПКЕ КЕМТИК КЫЛУУ Сизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып жүрөт (Абакиров). Жөн жаткан элдин ичине бүлүк салып, илгери-кийин эл арасында бизди кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кыларлык жорук жасашкандар ушулар (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жөнгө келүү, жөн-жайды угуу, шаштырбоо, аламандатпоо. Кепке-сөзгө келбеген. Кежир болду жанбакты (Тоголок Молдо). Кепке-сөзгө келбестен, Жакып кан чырды баштады («Манас»). В.: Кепке келүү. Анын кепке келчү түрү жок, жадаганда кете бердик («Ленинчил жаш»).