Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о коне) "беглый";
качкы болгон карала, кача баштар кайран ат фольк. сделавшись "беглым", чёрно-пегий
стал убегать, несчастный конь;
ээр качкы ат или качкы лошадь, убегающая с седлом или не дающая себя оседлать;
эрегиште эр үчүн, ээр качкы ат жаман стих. в схватке для молодца плох конь, который стремится убежать;
ала качкы (или алагачкы)
1) (о коне) горячий;
2) перен. (о человеке) несдержанный, без удержу и без толку рвущийся вперёд;
алагачкы киши экен, сөздү кишиге бербей ала качат он несдержанный, не даёт человеку слова сказать, порывается сам говорить;
2. перен. лентяй, лодырь;
качкы болот кээ акмак, кара чака табалбай фольк. есть кое-какие лентяи, которые не могут заработать ни гроша.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Качанаак, карматпаган, жакын жолобогон. Хан Дөлөндүн тулпары Качкы болгон Карала («Курманбек»).
  1. 2.                  Жалкоо, бекерчи, ишке жалакой, иштен качкан. Качкы болот кай акмак, Кара чака табалбой (Токтогул).
  2. 3.                  Жалтак, коркок, туруксуз, кайратсыз. Бакандашып сайышса, Качкы сыны бар экен («Манас»).

¨ Ээр качкы — ээр токутпаган, ээрден качкан, көп минилип ээрден жадап качып калган (ат жөнүндө). Эрегиште эр үчүн, Ээр качкы ат жаман (Жантөшев). Ээр качкы болот деп, Мойнуна аркан сүйрөткөн («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. качанаак менен бирдей. Хан Дөлөндүн тулпары, Качкы болгон Карала («Курманбек»). 2. Иштен качкан, жалкоо, иштөөгө, оокат кылууга мойну жар бербеген. Качкы болот кай акмак, Кара чака таба албай (Токтогул). 3. Кыйынчылыкка чыдай албаган, кайраты жок, жалтак, коркок. Бакандашып салышса, Качкы сыны бар экен («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЧКЫН – КР жараны болбогон жана өзүн КРден качкын катары таанууну өтүнгөн, расасына, динине, улутуна, саясий ишенимдерине, белгилүү социалдык топко тийиштүүлүгүнө байланыштуу курмандыкка айланып калуу коркунучу олуттуу болгондуктан, башка мамлекеттеги өзүнүн туруктуу жашап турган ордун таштоого аргасыз болгон, ошондой эле улуттар аралык каршылашууларда жана куралдуу кагылышууларда куугунтукка алынуу коркунучу бар, ушул жагдайларга байланыштуу өз өлкөсүнүн коргоосунан пайдалана албаган же пайдалангысы келбеген адам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир себеп менен жер которуп качып жүргөн, качып келген киши. Турпандан келген качкынды, Тургузбай айдап соттоду (Тоголок Молдо). Шашканынан качкындар малынын көбүн таштап кетти (Элебаев). 2. Аскерлик милдетин аткаруудан баш тарткан, армиядан качып жүргөн киши.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЧКЫН КҮБӨЛҮГҮ – «Качкындар жөнүндө» КР мыйзамдарына ылайык, КРде качкын катары таанылган адамдын кертбашын күбөлөөчү жана КР мыйзамдарында белгиленген тартипте ал адамды жана анын үйбүлө мүчөлөрүн ички иштер органдарында каттоого алуу үчүн негиз катары кызмат кылуучу документ.