~: бет карама или жүз карама несамостоятельный, действующий по чужой указке; көз карама зависимый, находящийся в зависимости (от другого); жер карама забитый, запуганный; застенчивый, замкнутый; жеме угуп жүрүп эле, жер карама болуп калыптыр всё время слыша (по своему адресу) брань, он стал запуганным; күн карама 1) подсолнечник; 2) сума перемётная, "и нашим и вашим".
ведение; кимдин карамагында? в чьём ведении?, кому подчиняется? университет агартуу министерствосунун карамагына өттү университет перешёл в ведение министерства просвещения.
КАРАМАК – башкаруу, жетектөө. КР Конституциясындагы КР бийликтеринин үч бутагын бири-биринен ажырата билүү үчүн колдонулган түшүнүк: мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийликтери.
Кандайдыр бир мекеменин, уюмдун же айрым бирөөнүн өзүнө таандык экендиги, ээлиги, ошого карай тургандыгы. Колхоздун карамагындагы жайыт аймактар. Министрликтин карамагындагы мекемелер. Мал кимдин карамагында болуу керек? («Эркин Тоо»). Булар кимдин карамагына өтмөкчү? («Чалкан»).
1. Бетме-бет, тике маңдай. Карама-каршы жолуга калган шахтёрлор Ашырды ичке үнүнөн тааный калышчу (Сасыкбаев). 2. Бири-бирине туура келбеген, эки башка, бирине бири окшош эмес, кайчы, айырмалуу. Карама-каршы пикирлер. Ар бир кубулуштун өзүнө жараша карама-каршысы бар (Абдукаримов).
этиш. Айланчыктоо, күйүү, күтүү, каралоо. Сен бизге карамалабай кете бер (Абдукаримов). Саандан бошогон бээлер кулундарынын жанынан кеталбай, бир топко чейин карамалап, улам жанына барып жыт берет (Абдукаримов).
Кете албай айланчыктоо, каралап туруп калуу, кармалуу. Саандан бошогон бээлер, кулундарынын жанынан кете албай, бир топко чейин карамалап, улам жанына барып жыт берет (Абдукаримов). Сен бизге карамалабай кете бер (Абдукаримов).
ни с чем, без ничего (без средств, без крова, в тяжёлом положении и т.п.); караманча кал- остаться без ничего; энем экөөбүз таптакыр караманча калдык мы вдвоём с матерью остались ни с чем; жетим-жесир, эчтемеси жок караманчалар сироты и вдовы, у которых нет ничего; акча жок эле, караманча отуруп калдык денег не было, и мы ничего не могли сделать (купить, поехать и т.п.); жалгыз ую өлуп, караманча отуруп калды у него пала единственная корова, и он остался без ничего; кетер эмес караманча, тигилерди кармаганча стих. он не уйдёт ни с чем, пока вон тех не поймает.
такт. 1.Таптакыр, түк. Үйгө барып келүүдөн Шарип караманча баш тартты (Бейшеналиев).
2. Эч нерсесиз, такыр эч нерсеси жок, так катып. Караманча куру калды.
1. Эч нерсесиз, такыр эчтемеси калбай, так каткан боюнча. Үй жайынан, мал-мүлкүнөн айрылып, караманча калган кедейлер үркүндө катуу азап тартканы эсибизден кете элек («Эркин Тоо»). Ириде жетим-жесир, караманча эчтемеси жокторду эсиңе ал (Жантөшев). Тапкан-ташыганын бүт көтөрүп алып, бизди караманча калтырып кете берген экен да! («Ала-Тоо»). 2. Таптакыр, түк. Мени караманча эчтеме билбеген келесоо деп турасыңбы?! («Чалкан»). Үйгө барып келүүдөн Шарип караманча баш тартты (Бейшеналиев).
КАРАМАР (иранча мар — жылан) — өтө чоң, зор жылан, ажыдаар. Эпосто К. Алооке кандын ажайыпканасын сүрөттөөдө учурайт: «Байкап көргөн кишинин Акылы жобоп, дал кылган, Төө кийиктен төртөө бар, Жыйырма жылан — карамар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 184).
Кимдир бирөөнүн (мис, ата-энесинин, тууганынын) оокатына, турмушуна ж. б. карашып турган, кам көргөн, жардам кылган, күйүмдүү. Энеге карамдуу мындай мыкты кыз болорбу («Ала-Тоо»). Тууганыңа карамдуу болоюн десең, аялың ажылдап балааны кылгыдай. Ошон үчүн туугандар деле таарынганын коюп, кеп-сөз кылбай калышты, досум («Чалкан»).
карамык I 1. куколь (сорная трава); 2. название накожной болезни (при которой всё тело покрывается зудящей сыпью). карамык- II направить свои помыслы на что-л. (гл. обр. на то, чтобы поспать, не замечая всего остального); уйкуга карамыгып отуруп, тамак ичалбай койду он так хотел спать, что не мог есть; уйкуга карамыгып, турбай койду он никак не мог проснуться, не хотел расстаться со сном; уйкусуна карамыгып, бат эле корулдап кетти его одолел сон и он быстро захрапел.
Уйкуга берилүү, уйкусу келүү, уйкуга мас болуп кыйналуу.– Барбаймын, кеткиле! – деп, уйкуга карамыгып, Кабыл чатырды башына чүмкөй түштү (Элебаев). Ширин уйкусуна карамыгып жатып калды (Сасыкбаев). Токтогул уйкуга карамыкса да, эски кементайын тартып жамынды (Токомбаев).