Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАН-ЖАЙЛАК — топоним. Алмамбеттин атасы Азизкандын жайлоосу. Баласыз Азизкандын жакын туугандары Алооке уулу Коңурбай, Эсенкан уулу Бөрүкөз аны басмырлап К.-Ж-ты тартып алышат. Буга арданган Азизкан карыганда кайра үйлөнүп, ал аялынан Алмамбет төрөлүп, эрезе тартканда аны Коңурбайга өч алууга жиберет (Саякбай Каралаев, 2. 101 —137). Чоң казат мезгилинде кытай чек арасындагы К.-Ж. аттуу белди Коңурбайдын укмуштуу жаныбарларынын бири Куу түлкү кайтарып, кабарчылык милдет аткарат. Эпосто чай алуучу тоонун тумшугу катары сүрөттөлөт:
Билген жанга ал тумшук
Кан-Жайлактын бели ушул
Кароолго койчу түлкүнүн
Качып кетер жери ошол (Саякбай Каралаев, 2. 126).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАН-ЖАЙЛАК — топоним. Манас баатыр Ала-Тоого жүрүш жасап, ата-бабанын туулуп өскөн жерин сырткы душмандардан бошотуп, Алтайдагы кырк үйлүү (уруу) кыргыз элин өз жерине көчүрүп келишин баяндаган окуяда айтылат. Эпосто «жер соорусу» аталган Талас өрөөнүндөгү мал чарбасына ыңгайлуу, климаты жагымдуу, табияты кооз, идеалдуу жер катарында сүрөттөлөт. Географиялык реалияда Талас өрөөнүндөгү жайлоо.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан аракет кылуу, бир нерсеге жетүү үчүн бүткүл күчүн сарптоо, жан-дили менен киришүү. Башка жумуштарын таштап, болуштукка кан-жанын салып киришкен эле (Укаев). В.: Каны-жанын аябоо. Бир тыным албай, каны-жанын аябай, күчүн ушу айылды курууга жумшады (Жусупов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бири-бирине абдан үйүр алышып, жамандык-жакшылыгы да бирге болуп, сиңишип кетүү. Алардын анчалык деле каны-жини аралаша элек болсо керек («Чалкан»). 2. Иретсиз, баш аламан, ыпылас абалда болуу. Каны-жини аралашып калган тура («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
миф. Эки баштуу бүркүт. Ушундай коркунучтуу кыямат-кайым болуп, жүрөктү түшүргөнүн көрүп турса да, Кан-кирети менен Аргыланг деген жаныбар Бөрүс кан бабабыздын изги тилекке, үзүлбөгөн үмүткө жасаган чоң кайыгына түшпөй коюптур (Субанбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өңүндө кызылы жок, боп-боз, кубарып кумсарган. Гулайым кан-сөлү жок бозоруп жаак эти шимилген (Бейшеналиев). Балдагын өңөргөн, бетинде кан-сөлү жок, отуздарга жакындап калган солдатты аттан көтөрүп түшүрүштү (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өңүндө кызылы жок, бопбоз, кубарып кумсарган. Гүлайым кан-сөлү жок бозоруп жаак эти шимилген (Бейшеналиев). Балдагын өңөргөн, бетинде кан-сөлү жок, отуздарга жакындап калган солдатты аттан көтөрүп түшүрүштү (Абдукаимов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАН-ТОО — топоним. Алтайдагы Жакыптын тургун жери. Эпосто Манастын ордо ойногон жана Эсенкандын соодагер-тыңчылары бала Манасты издеп келип, өзүлөрү катылып, ажал тапкан жер катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 73, 165).