кантала I
ир.
клоп.
кантала- II
покраснеть, получить кровоподтёк (напр. от побоев); налиться кровью (о глазах от долгого сна или злобы);
бети канталаган у него лицо в крови;
башы, көзү канталап, качып барат анталап фольк. голова и глаза его окровавлены, он стремительно бежит.
I зат. Башка организмдин канын соруп жашоочу кичинекей мите. Кантала, бүргө уктатпайт, Сүлүктөй сорду канымды (Бөкөнбаев).
КАНТАЛА II этиш. Кызарып калуу, кан тамырларына кандын жайылып, таралышынан билинип, кызарып көрүнүү. Бүлөөдөй болуп жонубуз канталады (Турусбеков). Анын эки көзү канталаган кыпкызыл (Аалы).
Башка организмдин канын соруп жашоочу кичинекей мите. Канталага талатып, Кашынгандар андан көп (Казыбек). Кантала, бүргө уктатпайт, Сүлүктөй сорду канымды (Бөкөнбаев).
Катуу нерсенин тийишинен, кан тамырлары жарылып, кандын жайылышынан улам дене кызарып көрүнүү. Аттын тиши тийген жерди чечип көрдү, канталай түшүптүр (Байтемиров). Кызарып бети канталап, Коңурбай турат анталап («Манас»). Көзүнүн агы кыпкызыл болуп канталап турганын байкады («Ала-Тоо»).
диал. Топ чүкөнүн бирөөнү «кан» кылып, калгандарын бөк-бөк, чик-чик, алчы-алчы, таа-таа кылып атып, «кан» таа түшсө, талап ойногон оюндун аты. Келгиле, канталамай ойнойлу.
кантала II этишинин аркылуу мамилеси.
кантала II этишинин аркылуу мамилеси.