ичме, ичмей: кан ичмей жажда крови; кан ичмеси кармады его обуяла жажда крови; кан-ичме кемпир жез тумшук фольк. кровожадная старуха баба-яга; май ичме см.май I.
Аттын белин жумшактоо үчүн тердиктин алдына коюлуучу чакан жумшак кийиз. Ичмектөө — тердиктин алдына ичмек коюу. Ичмек болжолдо (70—70 см) төрт чарчы кийизден болот.
Байыркы түрк тилинде ичлик сөзү кыргызча ичмек сөзүнүн маанисин берип, ичмек сөзү «козунун терисинен жасалган ичик» маанисин туюнткан (ДТС, 202). Кыргыз тилинде байыркы ичмек сөзүнө туура келген сөз ичик болуп өзгөрүп, л тыбышы түшүп калса, мааниси да өзгөрүп, киши кие турган тыш кийимди билдирип калган. Ошол сыяктуу болуп ичмек сөзү да өзгөргөн. Азыркы кыргыз тилинде бул сөз аттын жонуна эң биринчи салына турган токумдун биринин атын билдирет. Ичмек сөзү ич+мек бөлүктөрүнөн турат. Анын -мек мүчөсү мааниси боюнча -лык мүчөсүнө туура келет. Бирок ар бир тилде -лык же -мак мүчөсү дифференцияланып, ар бири уланган сөзүнө өзгөчө маани берип калган.
Тердиктин алдына токулуучу жумшак кийиз, токулга. 40 ээрди ичмек, тердиги менен өткөрүшүбүз керек (Сыдыкбеков). – Апаке, тердиктин ичмеги менен басмайылды мага эле бер («Жаш ленинчи»).
Кылык-жоруктары, болгон өнөрлөрү ичинде катылуу, кылган иштери, ой-пикири купуя. Күйүнүп да койбой, сумсайып, ичмекейи ичинде (Осмоналиев). Өзгөчө ар дайым иштин оңоюн көздөп, маянанын көбүрөгүн качырган, сыртынан караганда, момун көрүнгөнү менен ичмекейи ичинде, менин дос сөрөйүм бул иште эч кимди алдына салбайт («Кыргызстан маданияты»). Бегалы бөлөлөрүнүн ачык айтпаганы менен ичмекейин ичине каткан каяшалары болуп жатпайбы («Ала-Тоо»). Сатар ичмекейи ичинде тилсиз ээрчий басты (Бейшеналиев).
Кылык-жоруктары, болгон өнөрлөрү ичинде катылуу, кылган иштери, ой-пикири купуя. Күйүнүп да койбой, сумсайып, ичмекейи ичинде (Осмоналиев). Өзгөчө ар дайым иштин оңоюн көздөп, маянанын көбүрөгүн качырган, сыртынан караганда, момун көрүнгөнү менен ичмекейи ичинде, менин дос сөрөйүм бул иште эч кимди алдына салбайт («Кыргызстан маданияты»).
Жаман былык-чылыктарын ичине сактоо, кылган иштерин, болгон өнөрүн купуя кармоо. Бегаалыга бөлөлөрүнүн ачык айтпаганы менен ичмекейин ичине каткан («Ала-Тоо»).
Жаман сылык-чылыктарын ичине сактоо, кылган иштерин, болгон өнөрүн купуя кармоо. Бегаалыга бөлөлөрүнүн ачык айтпаганы менен ичмекейин ичине каткан («Ала-Тоо»).