Киргизско-русский словарь Юдахина
1. младший брат;
2. (ср. жээн) племянник (по мужской линии, если он младше дяди); младший родственник (по мужской линии);
Кудаке деген иним бар, атасы мага энелеш фольк. у меня есть племянник по имени Кудаке, его отец - мой брат единоутробный;
3. иним браток, братишка (обращение к младшему по возрасту молодому мужчине).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Өзүнөн кичүү эркек бир тууган, туушкандык жагынан жакын адамдардын кичүүсү. Эркектен менден кичүү иним бар (Сыдыкбеков). Инженер иним болсо кенде жүрөт (Сасыкбаев). Манас менен бул Сыргак Ага-ининин баласы («Манас»).
2. Өзүнөн кичүүлөргө карата айтылчу сөз.
¨ Кайын ини — кайни менен бирдей.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүнөн кичүү эркек бир тууган, туугандык жагынан жакын адамдардын кичүүсү. Каралашар жаны ачып, Ини же менде ага жок (Жантөшев). Эркектен менден кичүү иним бар (Сыдыкбеков). 2. Жалпы эле өзүнөн кичүүлөргө карата колдонулат. Амансызбы, акын иним, Ырас болду келгениң (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
отвл. от ини;
акы берсең, буудай бер; иниликке санасаң, ичке күдүк кылбай бер фольк. если хочешь заплатить (мне), то дай пшеницы; если считаешь младшим братом, дай от чистого сердца.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүнөн кичүү, тууган деп, ини деп эсептөөчүлүк. Акы берсең буудай бер, Иниликке санасаң, Ичке күдүк кылбай бер («Манас»). 2. Кичүүлүк, жалпы эле кичүүлөргө карата колдонулуучу сөз. Инилик кылып буга жардамдаша койчу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ж.
1. инициатива, демилге;
проявить инициативу инициатива көрсөтүү;
по собственной инициативе өзүнүн демилгеси боюнча;
творческая инициатива масс массанын чыгармачылык демилгеси;
2. инициатива (кандайдыр бир иштеги жетекчилик роль);
взять инициативу в свои руки инициативаны өз колуна алуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
1. (проявивший инициативу) инициативдик, инициативалуу, демилгелүү (демилге көрсөткөн);
инициативная группа инициативалуу группа, демилгелүү топ;
2. (обладающий инициативой) инициативалуу, демилгелүү;
инициативный человек демилгелүү киши.