Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Изин табуу, жөнүн, тегин ж.б. билүү үчүн аракеттенүү, иликтөө. Изин кууп адашпай, изилдеп булар барды эми (Үсөнбаев).
2. Текшерүү, текшерип чыгуу, бир нерсенин кандай түзүлүштө, кандай өзгөчөлүктөрү бар экендигин ж.б. карап билип, таанышып чыгуу. Сартбаев кыргыздын элдик оюндарын изилдеди (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
изилде- I
1. идти по следам, разыскивать по следам;
изин кууп адашпай, изилдеп булар барды эми фольк. по их следам, не сбиваясь, двинулись они теперь на розыски;
2. исследовать.
изилде- II
сев.
то же, что зилде-.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сурамжылоо, сураштыруу, кабарын, дарегин сурамжылап издөө, иликтөө. Изин кууп адашпай, Изилдеп булар барды эми (Үсөнбаев). 2. Бир нерсенин түзүлүшүн, кандай өзгөчөлүктөрү бар экендигин ж. б. жактырып билип, таанышып чыгуу, иликтеп текшерип көрүү, илимий иликтөө жумуштарын жүргүзүү. – Чын эле арпага окшош экен,– деди Сеитова,– изилдеп көрүш керек (Сыдыкбеков).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз из+ил+де морфемаларынан куралган. Из сөзүнө уланган -ил мүчөсү кээде +үл түрүндө да келет. К. К. Юдахиндин сөздүгүндө изүүл же изил сөздөрүнүн өзүнчө мааниси, формасы эмнегедир көрсөтүлгөн эмес. Чындыгында кыргыз тилинде изил же изүүл сөздөрү «из сыяктуу белги, дайын, дарек» маанисинде изилине түш, изилин бил, изүүлөнө түш, изүүлүн бил сыяктуу учурларда айтылат. Болжолу, жызылын билгизбөө деген учурда айтылган жызыл сөзү ушул изил сөзүнүн варианты болушу мүмкүн. Мына ушул жызыл сөзү да К. К. Юдахиндин котормо сөздүгүнө жана «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнө» кирбей калган. Жогорку изил сөзүнө этиш жасоочу -ла мүчөсү жалгануудан изилде сөзү келип чыккан.