Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сурамжылоо, сураштыруу, кабарын, дарегин сурамжылап издөө, иликтөө. Изин кууп адашпай, Изилдеп булар барды эми (Үсөнбаев). 2. Бир нерсенин түзүлүшүн, кандай өзгөчөлүктөрү бар экендигин ж. б. жактырып билип, таанышып чыгуу, иликтеп текшерип көрүү, илимий иликтөө жумуштарын жүргүзүү. – Чын эле арпага окшош экен,– деди Сеитова,– изилдеп көрүш керек (Сыдыкбеков).