ИЗИЛДЕ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБул сөз из+ил+де морфемаларынан куралган. Из сөзүнө уланган -ил мүчөсү кээде +үл түрүндө да келет. К. К. Юдахиндин сөздүгүндө изүүл же изил сөздөрүнүн өзүнчө мааниси, формасы эмнегедир көрсөтүлгөн эмес. Чындыгында кыргыз тилинде изил же изүүл сөздөрү «из сыяктуу белги, дайын, дарек» маанисинде изилине түш, изилин бил, изүүлөнө түш, изүүлүн бил сыяктуу учурларда айтылат. Болжолу, жызылын билгизбөө деген учурда айтылган жызыл сөзү ушул изил сөзүнүн варианты болушу мүмкүн. Мына ушул жызыл сөзү да К. К. Юдахиндин котормо сөздүгүнө жана «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүнө» кирбей калган. Жогорку изил сөзүнө этиш жасоочу -ла мүчөсү жалгануудан изилде сөзү келип чыккан.