жылыш I
и. д. от жыл- II
продвижение, сдвиг;
илгери карай жылыш жасашты они продвинулись вперёд.
жылыш- II
взаимн. от жыл- II;
карындашым Айчүрөк, касиеттен жылыштың фольк. моя сестричка Айчурек, лишилась ты (своих) достоинств.
жылыш- III
взаимн. от жылы-.
I зат. 1. Бир орунда туруп калбастан алга жылгандык, илгерилегендик.
2. Оңоло баштагандык, жакшы боло баштагандык; ийгилик. Оорунун жылышы барбы? Ар күнү, ар бир иште илгери жылышыбыз бар (Убукеев). Көргүлөчү биздин алга жылышты, Күчөтөбүз дал ушинтип жумушту (Осмонкул).
ЖЫЛЫШ II этиш. Бир орундан экинчи орунга жылуу, орун алмашуу. Жылышып отургулачы. Өйдөрөөк жылышып койгулачы.
displacement дис’плэйсмэнт ;
shear шиэ
1. Илгерилөө абалы, алга кетүүчүлүк, ийгилик, өзгөрүш. Баштагыга караганда эбегейсиз жылыштар экендигине талаш жок (Байтемиров). Ар бир жылы колхоз өзүнчө жылыштарга ээ болуп өнүгүп-өстү, чыңалды (Убукеев). 2. Оорусунан айыга баштаган, оңоло баштаган абал. Сыркоологонума үч жума болду, эч бир жылыш жок («Ала-Тоо»).
1. Бир орундан экинчи орунга жылуу, жылып кетүү, козголуу. Жууркандын жүнү жылышып кетиптир. Башында жоолугу жылышты. 2. Сыйлыгышуу. – Жылыша отургула,– деди («Ала-Тоо»).
float (noun)
A data type that holds floating-point number data from -1.79E + 308 through 1.79E + 308. float, double precision, and float(n) are SQL Server float data types.
этиш. 1. Бир орунда, бир калыпта туруп калбастан, акырындап жылуу, илгерилөө, жылыш жасоо. Жылыштап жүрүп олтуруп, Бул Алтайдан качалы («Манас»). Качып барып Турпандан, Кайта келдик жылыштап («Жазгыч акындар»).
2. Оңолуу, жакшы боло баштоо. Оорусу күндөн күнгө жылыштап оңолуп келатат.
потихоньку, постепенно двигаться;
оорусу, күндөн күнгө жылыштап, оңолуп келе жатат с каждым днём хворь его понемногу проходит.
1. Ордунан жылуу, козголуу, акырындап жыла берүү, ооп кетүү. Жылыштап отуруп терезенин түбүнө жеттим (Касымбеков). Жылыштап жүрүп отуруп, Бул Алтайдан качалы («Манас»). 2. Айыга баштоо, жөнүгүү, жакшы боло баштоо. Оорусу күндөн күнгө жылыштап келатат.
понуд. от жылышта-
потихоньку, постепенно продвигать.
этиш. Ордунан жылдыруу, ордунан козгоп сыйлыгыштыруу, ооштуруу.
Ордунан жылдыруу, сыйлыгыштыруу, которуу, жакындатуу. Столдорду бирине-бирин жакын жылыштырды.
жылыштыр этишинин кыймыл атоочу.
жылыштыр этишинин кыймыл атоочу.
жылыш этишинин кыймыл атоочу.
жылыш II этишинин кыймыл атоочу.